Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова да катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, депутат Шыкмаматов Конституция кабыл алынган 2010-жылдан берки жасалган иштер тууралуу учкай маалымат берди. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкөнүн мыйзамдык базасын Баш мыйзамга шайкеш келтиргенин, ал эми кыргыз парламентинин азыркы чакырылышы сот реформасын ишке ашыруу жаатында иш алып барып жатканын эске салды. "Укуктук коомду түзүүдө биринчи кезекте укук үстөмдүүлүгүн орнотуу өзгөчө мааниге ээ", - деди Шыкмаматов.
Ал эми Петер Буриан Кыргыз Республикасы парламенттик демократияны куруу жагынан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн үлгү болуп жатканын баса белгиледи. Ал Европа биримдиги Кыргыз мамлекетине ар дайым ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады. "Демократиялуу мамлекеттердин баарынын эле парламенттик демократияны куруу жолунда өз кыйынчылыктары бар. Кыргыз Республикасы андай кыйынчылыктарды татыктуу жеңип келет", - деди Буриан.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча да өз ара пикир алышты.