"Өзбекстанда кармалып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранынын абалы белгисиз". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жабык эшик артында өткөн жыйынынан кийин фракция лидери Бакыт Төрөбаев журналисттерге айтты. Анын билдиришинче, Өзбекстан тарап алардын абалы боюнча азырынча кыргыз тарапка маалымат бере элек. "Өзүңүздөр билгендей, эл аралык жактоочу топ түзүлгөн. Тилекке каршы, жактоочу топту Өзбекстан киргизбей жатат. Учурда аракеттер көрүлүп жатат", - деди Төрөбаев.
Фракция лидери бул маселе боюнча депутаттар тарабынан өкмөт өкүлдөрүнө катуу сындар айтылганын кошумчалады.
"Биз мүмкүн болушунча өкмөттүн ишин сынга алып, катуу талаптарды койдук. Кыргыз өкмөтү да четте карап туруп алган жок, болгон аракетин жасап жатат. Бул жерде ачуулукка алдыруунун да кажети жок. Мындай кырдаалда үчүнчү күчтөр абалды өз пайдасына жумшап кетиши мүмкүн", - деди фракция лидери.