“Өткөн суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталды”,- деп билдирди бүгүн, 15-апрелде ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмү. Айта кетсек, Бишкек шаарында 4, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы орун алды. Маалыматка таянсак, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар катталган жок.