Жогорку Кеңеш талашка түшкөн комитеттин төрагасын шайлоону баштады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Тынчтык Шайназаровдун ("Өнүгүү-Прогресс"), Асел Кодуранованын (КСДП) талапкерлиги көрсөтүлүп, учурда добуш берүү өтүүдө. Добуш берүү жабык форматта өтүп жатат.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутаттарды таза добуш берүүгө чакырды. "Эч кандай белги берүү же кагаз, калем менен баруу болбосун. Таза добуш бериңиздер, биз бул жактан карап турабыз", - деди Төрөбаев.

Эскерте кетсек, КСДП "Өнүгүү-Прогресс" менен аталган комитеттин төрагасы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү боюнча бир чечимге келе албай жаткандыктан, ал эми "Ата Мекен" менен Конституцияны өзгөртүү боюнча карама-каршы позицияда болгондуктан, КСДП лидери Иса Өмүркулов кечээ эки фракцияга коалициялык көпчүлүктөн чыгууну сунуштаган. Бирок "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев коалициядан КСДП өзү чыгуусу керектигин айткан. Андан кийин фракция лидерлери чогулуп, бул маселени жабык талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан