Өзбекстандын президенти кызматына 4 талапкер ат салышат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы жарыялады. Талапкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:
1) Шавкат Мирзийоев (Либерал-демократиялык партиясы);
2) Хотамжон Кетмонов (Элдик-демократиялык партиясы);
3) Сарвар Отамурадов ("Миллий тикланиш" демократиялык партиясы);
4) Наримон Умаров ("Адолат" социал-демократиялык партиясы).
Айта кетсек, 2016-жылдын 4-декабрында Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Ал эми 30-сентябрдан 20-октябрга чейин талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.