Эдил Байсалов "Отунбаевага каршы компромат даярдалып жатат" деген маалымат боюнча билдирүү жасайт

Бүгүн, 19-сентябрда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаеванын аппаратын жетектеген Эдил Байсалов "бийлик Отунбаевага жана анын мурдагы тарапташтарына каршы компромат даярдап жатат" деген маалымат боюнча билдирүү жасайт. Маалымат жыйыны саат 12:00дө башталмакчы.

Айта кетсек, бүгүн, 19-сентябрда "Фергана" маалымат агенттиги кыргыз чекисттери Роза Отунбаевага каршы компроматтарды даярдап жатканы тууралуу жазып чыккан: "Бир нече күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жогорку кызматтагы адамдары республиканын түштүк аймагындагы өзбек жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Өзбек коомунун активисттери жана алардын жакындары менен Ошто болгон сүйлөшүүлөрдүн максаты өз кезегинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаевага жана анын ошол учурдагы кесиптештерине байланыштуу компроматтарды айттыруу болгон".

Айта кетсек, экс-президент Роза Отунбаева жана Эдил Байсалов бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан