Парламентте бүгүн, 22-сентябрда "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамды базалык мыйзам жоболоруна шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилердин айтымында, "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым ченемдерин президент тарабынан 2016-жылдын 30-майында кол коюлган "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүү зарылдыгы бар.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо чөйрөсүн жөнгө салган ченемдик-укук актыларынын карама-каршылыгын, бири-бирин кайталоосун болтурбоого мүмкүндүк берет.