Ырчы Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы "Сахна" аттуу ыр жакында жарык көрдү. Кызыгы, ушул эле ыр Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда да жаңырууда. Улуу муундагы ырчылардын ортосундагы ыр талаш социалдык тармактарда катуу талкууга алынып жатат. Буга байланыштуу Г.Сатылганова Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
"Ардактуу достор жана менин күйөрмандарым! Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жана радиолордо "Сахна" деген жаңы ырды менин аткаруумда угуп жатасыздар. Ошондой эле Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда дагы бул ыр жаңырууда. Ошондуктан сиздерге жагдайды түшүндүрүп коюуну туура көрдүм. Быйыл февралда ырдын сөзүн жазган автор менен жолугушуп, бул ырдын сөзүн буйрутма менен жаздыргам. Анан бул текстке обон жаздырып, авторлор менен келишим түзүлгөн. Ошентип, жарым жылдан бери бул ырдын үстүндө иштеп жаттык. Менин айтайын дегеним, буйрутма менен мен үчүн жазылган бул ырды Айчүрөк Иманалиева авторлордун уруксатысыз ырдап алганы авторлордун да, менин да кыжырымды келтирип жатат. Себеби ырчылык - бул менин кесибим, андыктан ырларыма жасаган жоопкерчиликтүү мамилем, ага короткон убактым, каражатым ар бир ырымдын мен үчүн кымбат турарын далилдейт. Ошондуктан бул жагдайга көз жумуп коё албадым. Негизи, биздин чөйрөдө ушундай учурлар көп эле болот. Мисалы, бир ырчынын ырдаган ырын башка ырчы уруксатсыз ырдап алган ырчылардын адепсиздик, адамгерчиликсиз мамилесин туура эмес деп ойлойм", - деп жазган Гүлнур Сатылганова.
Телефон аркылуу байланышканыбызда Гүлнур Сатылганова SUPER.KG порталына буларды айтып берди:
"Айчүрөккө чалып айтып баштасам, телефонун өчүрүп койду. Кийин чалсам алып, ар кайсыны айтып кыйкырып, ажылдап баштады. Автордон да кайра-кайра сурадым, текстин берген жок белеңер деп. Эгерде "ооба, бергем" десе, унчукпай калмакмын. Автордон сурасаңар да "Айчүрөктү тааныбайм" деп айтат. Бул чыгарманын үстүнөн кыштан бери иштеп жаткам. Мен жогоруда болгон окуяны айтып чыктым".