Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы "Сахна" ырынын талашы социалдык тармактарда катуу талкууга алынып жатат. Ал эми кээ бир колдонуучулар "авторлор "Кыргыз патентке" барышып, эми Айчүрөктү ырдоо укугунан ажыратышат экен" деп жазып чыгышкан.
Ал эми эки ырчынын талаштуу жагдайы тууралуу Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева буларга токтолду:
"Кыргыз патент" эки аткаруучунун ортосуна түшө албайт. Буга биздин тиешебиз жок. Мындай өзгөчө талаштуу жагдайларда чыгарманы каттоого албайбыз. Эгерде эки автор же эки аткаруучу бир чыгарманы талашып жаткан болсо, сот органдарына кайрылышсын. Чыгарма кимге таандык экенин далилдери менен көрсөтүп берүүлөрү зарыл. Ошондо сот органдары чыгармага кимдин укугу бар, кимге таандык экени тууралуу чечим чыгарып беришет".