Учурда ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиева талашка түшкөн "Сахна" аталышындагы ыр боюнча бир пикирге келише элек. Эки аткаруучунун тең аткаруусунда жаңырып жаткан ыр тууралуу SUPER.KG порталына Гүлнур Сатылганова өз пикирин билдирген. Ага удаа Айчүрөк Иманалиева буларга токтолду:
- Эми биз аксакал ырчы болгондон кийин, бул нерсени өз ара эле чечишип алсак болмок. Гүлнурдун кичинекей кыздарга окшоп гезиттерге чуркап, социалдык баракчаларга жазганы ашыкча деп ойлойм, анткени биздин артыбызда канча деген жаштар турат. Муну ыр деп коёт. Ырды каалаган киши ырдай берет. Мен өмүрүмдө бирөөнүн бир нерсесин уурдап, жемин жеп кеткен адамдардан эмесмин. Тескерисинче, бирөөгө колумдан келишинче жардам берип, көтөрмөлөгөн кишимин деп ойлойм. Бул жерде сырдын деле кереги жок. Азыр акча сүйлөп калбадыбы. Болгону Гүлнур даяр оокатты акчасы менен келип жулуп кетти. Ал мага караганда көбүрөөк акча сунуштап, 400 доллар төлөдү. Эгер жаман ырдасам көңүл да бурмак эмес. Демек, мен мыкты ырдагам.
- Талашка түшкөн ыр сиздин колуңузга кандайча тийип калды? Г.Сатылганова бул ырды жарым жыл даярдаганын айтып жатпайбы...
- Ырды чыгарманын автору Рамис Алиевден алгам. Ал мага башка ыр жазып бермек. Акчасы да алдын ала берилген. Бирок ал чыгарма мага жакпай калып, 2 айдан кийин ушул "Сахна" деген ырды жазып берген. Буга жарым жыл болуп калды. Гүлнур "ал ыр мага жазылган, мен буйрутма бергем" деп калп айтып жатат. Тескерисинче, музыкасын мен бүтүрүп, Рамис акчасын алып койгону үчүн эле сатып жиберди. Албетте, азыр мен Гүлнурга жаздым деп айтат. Гүлнурга жазса, анда 5 күн отуруп жазган ырдын тексти менен минусун мага карматпай эле койбойт беле? Мейли ырдаса ырдай берсин, мен башка ырды ырдайм. Бир ыр менен чектелип жашаган туура эмес. Менин эч каршылыгым жок.
- Ошондо радиолордон "Сахна" аттуу ырыңызды алып саласызбы?
- Мен бул чыгарманы Гүлнурдан мурун ырдап чыктым. "Радиолордон алып сал" десе алып салам, "ырдаба" десе ырдабайм. Бир ыр менен өмүр бүтпөйт. Жаштардын алдында ыр менен жаман көрүнгүм келбейт. Мен, тескерисинче, бул ырды Бектемир Эгинчиевдин "Күлгүн жашындай", Токтогулдун "Алымканындай" болуп кылымдан кылымга жашап, кийинки муундун арасында ырдалып калса деп тилейм.