"Сахна" ырынын обонун жазган Рамис Алиев: "Чыгарма бир гана Гүлнур Сатылганова үчүн жазылган"

Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы "Сахна" ырынын талашы социалдык тармактарда дале катуу талкууга алынып жатат. "Эки ырчыны кыргыз элинин мыкты ырчылары деп тааныйбыз. Бирок кандай жол менен бирөөгө жазылган ырды башка киши ырдап калышы мүмкүн?" деген суроо көпчүлүктө пайда болду. Андыктан ырдын обонун жазып, аранжировкасын жасаган Рамис Алиевге "Чыгарма чынында ким үчүн жазылган?" деп суроо салдык:

- Чыгарма Гүлнур Сатылганова үчүн жазылып, ага уруксат берилген. "Тиги жакшы ырдайт, бул жакшы ырдайт" деп эки ырчыны бөлбөйбүз, экөөнүн тең чыгармачылыгын сыйлайбыз. Айта берсе сөз көп, эртеби-кечпи, баары менен иштешебиз.

- Көпчүлүктө "Ыр кантип Айчүрөк Иманалиевага жеткен?" деген суроо жаралып жатат...

- Айчүрөк эже фестивалга барып ырдаганга башка ыр жаздырып кеткен. Фестивалга барып келгенден кийин ыр жакпай калыптыр. "Кандай ыр жазыш керек?" десем, "билбейм, өзүң карап көр" деди. "Гүлнур эжеге жазып жаткан ыр бар, ушул сыяктуу ыр чыгарып берейинби?" десем, угуп көрүп, "сонун ыр турбайбы, мага WhatsApp`тан жиберчи" деп калды. Анан ырдын "черновой" вариантын жибергем. Эч качан ырчыга бүтө элек варианты берилбейт. Айчүрөк эже ошону алып ырдаган, артында мелодиясы ээрчип жүрөт, негизи, андай болбойт. Ал эми Гүлнур Сатылгановага бүткөн варианты берилген.

- Бир ырды жаздырууга, аны иштеп чыгууга сиздерге канча акча каражаты төлөнөт?

- Мындай суроолорго жооп бере албайм. Ырдын сөзүн жазган авторго, обончуга, аранжировкасына чогуу төлөнөт. Ал эми "Сахна" ыры үчүн Айчүрөк Иманалиева акча төлөгөн эмес, анткени фестивалга башка ыр жаздырып кеткен.

Белгилей кетсек, жакында эле Гүлнур Сатылганованын "Сахна" аттуу ыры жарык көргөн. Андан аз өтпөй ырчы бул чыгарманы Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап чыкканын айткан. Ал эми Иманалиевага буга "ырды мен Гүлнурдан мурун ырдап чыктым" деген жооп узаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
lolo.1
2016-09-29 18:40:05
Айчурокже эмнеге мындай кылдыныз
0
aash
2016-09-29 20:19:04
Гулнур эженин ишине ийгилик! Айчурок эже экинчи мындай кылбаса экен.
-4
Deniza88
2016-09-29 20:19:21
Автор мылжындабай ачык айтпайсынбы, кимиси кобуроок акча берди эле? Мына бул коп берди мен ошого берип койдум, анткени бул менин ишим, кааласа ырдай беришсин, аны мен эмес эл тандап кимисиники ырдаган жакса ошо утат деп кой болду. Зачем бироону жаман корсотуп...
+3
Keremet008
2016-09-29 20:54:22
Чын неге угузат Гүлнурга болгондон кийин Гүлнур ырдаган боюнча калуу кк
+1
MUSLIM-81
2016-09-29 22:24:12
Экоон чогуу дует ырдап чыксанар сонун болот.Ушунча кеп созго орун калбайт.
0
tynara81
2016-09-29 22:32:59
Гүлнур эжеге жазылгандан кийин, Айчүрөк эжеге бергенге акысы жок эле да автордун. Черновоюн жөнөтүп жиберген имиш
+2
Perizat
2016-09-29 22:38:50
Гулнур Сатылганова учун жазылган ыр турбайбы,бул жерде Айчурок Иманалиева туура эмес кылыптыр
0
Juliakalt
2016-09-30 02:27:10
Балянын баары ушу кишиде окшойт ээ ? :))
+1
azamat.k
2016-09-30 12:13:45
Черневик ыры жакшы чыгыптыр)))
0
benni
2016-09-30 14:50:57
Негизи Гулнур сатылганова чыр...былтыр Гулжигитке асылып журдуле
0
strelok
2016-10-01 02:42:32
Айчурок эжекебиз ырдабай эле койбоптурда Ыр Гулнурга таандык болгондон кийин,Кайран элим кайда кетип жатабыз.
0
abde-7082
2016-10-23 14:08:48
рамис Алиев куноокор эмнеге экооно тен берет ?
0
fanisa
2016-10-23 22:37:37
Айчурек Иманалиевага жарашкан бул ыр. Гульнур эжекебиз Жигурдадай эле ырдайтко. Сыйлабайм Гулнурду
0
arjan
2016-10-23 22:41:09
Айчурок эжебиздей ак эмгегиниз менен элге кызмат отосонуз башка соз болоор эле. Бул жерден такыр эле сиздики туура эмес. Базарга барып эле картошка сатып отурбайсызбы Гулнур эже?
0
vanykyrgyz
2016-10-26 22:50:13
достор Гулнур эжебизге Жигурда деген жаны ат коюптур. Куттуктап коелу)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан