"Кумтөрчүлөр" Кыргызстандын тоо-кенчилери жана металлургдарынын спартакиадасында биринчи жалпы командалык орунду ээлешти

"Кумтөр Голд Компани" командасы Кыргызстандын Тоо-кен металлургия өнөр жай кызматкерлер профсоюзунун III спартакиадасында 10 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи. Сентябрда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Кыргыз деңизи" санаторийинде өткөн иш-чарага Кыргызстандын тоо-кен металлургия тармагындагы ишкана, мекеме жана уюмдарынан 23 команда болуп, 500дөй адам катышты. Уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмүтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитети, КОК профсоюзу жана Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын Ыктыярдуу дене тарбия-спорт коому.

Спартакиаданын алкагында кичи футбол, волейбол, чуркоо, сүзүү, гиря көтөрүү, стол тенниси, шахмат, бильярд жана аркан тартыш боюнча мелдештер өттү. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун кызматкерлери төмөнкү байгелүү орундарды ээлешти:

25 жана 50 метрге сууда сүзүү:

45 жаштан жогору эркектер арасында 1-орун – Олег Подгорный

45 жаштан жогору аялдар арасында 1-орун – Марианна Арзамасцева

25 жаштан төмөнкү аялдар арасында 1-орун – Айчүрөк Кожегулова

Шахмат боюнча:

Аялдар арасында 2-орун – Калыс Жумабаева

Таланттардын "Алтын уютма-2016" сынагы:

1-орун – Талант Шаршеев

Стол тенниси:

Эркектер арасында 3-орун – Кубаныч Кожегулов

Спорттун командалык түрлөрүндө "Кумтөр Голд Компанинин" курамасы төмөнкү байгелүү орундарды ээледи:

Кичи футбол – 1-орун (эркектердин курамасы)

Волейбол – 3-орун (аялдардын курамасы)

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Биз "Кумтөр Голд Компанинин" командасын жана кызматкерлерин татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bom.bon
2016-10-05 11:27:08
Сен жакшы Сен жакшы деп байлыкты кырып кетишет экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан