Атактуу франциялык "Renault" бренди Кыргыз Республикасында ишин баштап, жергиликтүү автоунаа сүйүүчүлөрүнө сунуштала турган 4 модель менен тааныштырды: Logan, Duster, Sandero жана жаңы кроссовер Kaptur. Салтанаттуу иш-чарага "Renault`тун" КМШ өлкөлөрү боюнча сатуу бөлүмүнүн директору Сергей Кузьмин жана "Asia Motors" ишканасынын негиздөөчүсү Юрий Лим катышты.
"Renault" дүйнөнүн 200дөй мамлекетинде ийгиликтүү иштеп келе жатканы белгилүү. Убакыттын жана автоунаа сүйүүчүлөрүнүн сыноосунан ийгиликтүү өткөн бренд Кыргызстанга көп убакытка олуттуу кадамдарды жасоо үчүн келди. "Ишенимдүү өнөктөш таппай туруп кайсы бир өлкөдө иштеп кетүү кыйын, андыктан "Asia Motors" ишканасы бизге көмөкчү болот. "Renault" 100 жылдан бери иштеп келет. Орусиянын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө 10 жыл болду. Эми Борбор Азиянын аймагында сатуу иштерин жакшыртуу максатында Кыргызстанга келдик. Биздин ишкана жаңы чакырыктарга даяр. Унаалардын сапаты жергиликтүү автоунаа сүйүүчүлөрүнүн талабына жооп берет. Баасы болсо бара-бара калыпка түшүп, сапатка жараша чөнтөккө туура келет. Ошондой эле Бишкекте биздин унаалар сатыла турган борбор ачууну пландоодобуз", - деп белгиледи Сергей Кузьмин.
Компания сунуштап жаткан Renault – Logan, Kaptur, Sandero жана Duster жергиликтүү климатты, экономикалык абалды жана автоунаа сүйүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен тандалган.
С.Кузьмин башка өлкөлөрдөгүдөй эле Kaptur унаасы Кыргыз Республикасындагы трассаларда ордун табарынан үмүттөнөт. Башка унаалар да көңүл тышында калбай турганын айтайт ал. Негизи, унаалардын баасы 700 миң сомдон башталат.
Буга катар "Asia Motors" автоунаа борборунун директору Юрий Лим такси кызматынын оперативдүү лизинг системин түзүү жана аны ишке киргизүү планы тууралуу айтып берди. Бул социалдык долбоор жүргүнчүлөрдү ташууда кырсыктарды азайтууну, автоунаалардын техникалык абалын, айдоочуларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. "Учурда Кыргызстанда канча такси кызматы иштеп жатканын так айтуу мүмкүн эмес, себеби алардын саны өтө көп. Биз жаңы долбоор сунуштайбыз. Такси унаалары сары түстө болот жана мониторинг системине киргизилет. Диспетчердик систем дайыма көзөмөлдөп турат", - деди Юрий Лим.
Салтанаттуу иш-чара жыйынтыкталган соң чакырылган коноктор, журналисттер "Asia Motors" жана "Renault" ишканаларынын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, жооп алып жатышты. Суроолордун басымдуу бөлүгү унаалардын мүнөздөмөсү, бул унааларга башка өлкөлөрдөгү суроо-талаптар жана аларды кредитке алуу жолдору тууралуу болду. Суроолоруна канааттандырарлык жооп алган конокторго алдын ала айтылгандай эле тест-драйв мүмкүнчүлүгү түзүлдү.