Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм окуучуну алдап, кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган
Бишкек шаарынын укук коргоо кызматкерлери тарабынан 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Ал 6-кичи райондо 14 жаштагы окуучуну алдап, 20 миң сомдук телефонун тартып алган деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.