"Кумтөр" кенинде иштөөнү көздөгөндөр тарабынан эң көп берилген суроолорго жооптор

Ири өндүрүштө эмгектенүү шарттары кандай болору жаңы кызматкерлерге көп учурда белгисиз. Кызыктырган суроолор жалпысынан бир өңчөй болгондуктан, компаниянын адистери алдын ала төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү даярдашкан. Албетте, дагы көп суроолор көмүскөдө, аларга кенен жооп “Кумтөрдүн” веб-сайтында жеткиликтүү.

– Кен ишканасында радиация барбы?
– Кен ишканасынын территориясындагы радиациянын орточо деңгээли 17 мкр/саатты түзөт, салыштыруу үчүн айтсак, "Кыргызгидрометтин" маалыматтары боюнча, Кыргызстанда орточо деңгээл 20 мкр/саатты түзөт, а жогорку болуп 60 мкр/сааттан жогорусу эсептелет.

– "Кумтөрдүн" цианиддерди жөндөө тартиби кандай?
– "Кумтөр" цианидди “Центерра Голд Инк.” кол койгон, алтын өндүрүүдө цианидди даярдоо, ташуу жана колдонуу боюнча Эл аралык цианид жөндөө кодекси менен жөнгө салат. Сертификатты бул жерден көрсөңүз болот.

– Кен ишканасында иштөө канчалык коопсуз?
Ар бир кызматкер өз ишин "ал үчүн коопсуздукка текебер мамиле жасай турганчалык маанилүү иш болбойт" деген принциптин жетекчилигинде аткарат. Ишканада коопсуздук техникасын сактоо боюнча атайын план иштейт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
Тренингдерди: Компаниянын же подряддык уюмдардын кызматкерлеринин эч кимисинин коопсуздук техникасы жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча үч күндүк тренингдерден өтмөйүнчө ишке киришүүгө укугу жок. Ишке киришүүгө өздөрү уккан темалар боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырышкан кызматкерлерге гана жол берилет.
Safemap: "Кумтөрдө" safemap программасы ийгиликтүү иштеп жатат – компаниянын кызматкерлери автомобилдин бузугу болсун же тепкичтин баскычтарына муз тоңуп калганы болсун, ар бир коопсуздукка коркунучту тапкандыгы үчүн акчалай сыйлыктарды алышат. Коркунучтун келип чыгуу тобокелчилигин атайын "тобокелчилик калькулятору" боюнча аныктоого болот, ал ар бир кызматкерде бар.
Куткаруу кызматы: Ишканада өзүнүн куткаруу кызматы бар, анда 4 тоо-кен куткаруу командасы бар. Ар жумалык тренингдерден өтүү менен алар ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга көңүл бурууга жөндөмдүү. "Кумтөрдүн" командалары куткаруучулардын эл аралык мелдештеринде байгелүү орундарды ээлешет.

– Кызматкерлердин саламаттыгын ким карайт?
– Кен ишканасында биринчи жардам көрсөтүү жана компаниянын кызматкерлеринин саламаттыгын текшерип көрүү үчүн бардык зарыл каражаттар менен жабдылган медициналык пункт иштейт. Ошондой эле бардык жумушчулар борбордогу клиникалардын биринде ар жылдык медициналык кароодон өтүшөт.

Көбүрөөк маалымат суроо-жооп түрүндө “Кумтөрдүн” веб-сайтында жеткиликтүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан