Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий жолугушууларда, түрдүү иш-чараларда сүйлөгөн сөзү көбүнчө коомчулуктун талкуусуна түшөт. Анын сөзүнөн адаттан тыш, кулакка өөн угулган же орунсуз айтылды делген сүйлөм дайыма табылып, ал сүйлөмдүн "ордун" издөөнүн тегерегинде талаш кызыйт. Акыркы 5 жылда Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрү үчүн далай сындарга кабылды. Президенттин талаш пикир жараткан жана айрым "өзгөчө" цитаталары канчалык деңгээлде эсиңизде? Өзүңүздү өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кайдыгер карабаган жаран эсептесеңиз, төмөнкү тест сиз үчүн.