реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo

SUPER.KG'де президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүрүүдө (17-31-октябрь, 2016-жыл)

 

2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктайт, анткени 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам Атамбаевге экинчи жолу президент болууга жол бербейт. Демек, бир жылга жетпеген убакытта Кыргыз Республикасынын эли жаңы ажону шайлоого киришет.

Алгачкы күндөн тарта Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп келген бийлик шайлоонун жакындашы менен аны кайрадан өзгөртүүгө камынууда. Бийлик бүгүн бирди айтып, эртең башкача кадамдарга баруусу кадимки көрүнүш болуп калгандыктан, "Атамбаев деле кайрадан президент болуу аракетин көрбөйт" деп кесе айтуу кыйын. Ошондуктан сиздерге эки түрдүү сурамжылоону сунуштоону туура көрдүк: бирөө Атамбаев менен, экинчиси Атамбаевсиз.

Президенттик шайлоого катышарын азырынча саясатчылар Адахан Мадумаров жана Темир Сариев билдирди. Эксперттер талапкер боло тургандардын арасында Сооронбай Жээнбековдун ысымын дагы аташууда. Сурамжылоого талапкер болушу мүмкүн деп коомчулукта аты аталып жаткан башка саясатчылардын да ысымдары кошулду. Ал эми 3-17-октябрь аралыгындагы сурамжылоодо эң аз добуш алгандыгына байланыштуу Равшан Жээнбеков тизмеден алынды.

Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.

Эскертүү: Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 31-октябрда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.


кошулду


 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
96042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,35609197616577