MegaCom - ISO 9001:2015 жаңы эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктаган Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир уюлдук компания. Бул стандартка шайкеш келүүсү -компаниянын стабилдүүлүгүнүн объективдүү далилдеринин бири.
Көзөмөл, баалоо, сыноо жана сертификациялоо чөйрөсүндө дүйнөгө белгилүү болгон TÜV International Certification (TIC) тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жүрүшүндө MegaCom компаниясынын сапаттык менеджмент системинин ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин далилдеди. Аудиторлор абоненттерди тейлөө, сатып алуу процесстерин ишке ашыруу, жабдуучулар менен иш алып баруудагы келишимдик милдеттенмелерин жана байланыш кызматтарын көрсөтүүгө коюлган техникалык талаптарды аткаруу боюнча аткарылып жаткан иштерге жогорку баа беришти.
"Компания ISO 9001:2008 стандартынын тастыктамасына ээ, 2018-жылдын сентябрь айына чейин эски версияны колдоно берүүгө болмок. Бирок биз MegaCom сапаттык менеджмент системи ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын жакшыртылган версиясынын талаптарына ылайык иш алып барууну чечтик. Сертификациядан өтүүгө бир жылдай даярдандык. Атайын адистештирилген тренингдер өткөрүлүп, стандарттын талаптарына ылайык келген зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топтор түзүлүп жатты. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара эмгектенген компания кызматкерлеринин эмгегинин акыбети кайтты десем болот. Көз карандысыз аудит өткөрүүдө аудиторлор тарабынан жогорку баага татыктуу болуп, натыйжада эл аралык үлгүдөгү тастыктамага ээ болдук", - деп баса белгилей кетти компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.
Телекоммуникациялык компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин башкы далили - компания адистеринин кесипкөйлүгү, алдыга коюлган милдеттерди ыкчам аткарууну шарттаган маалымат системин кеңири колдоно билүүсү, өз ишине болгон ырааттуу мамилеси, сапаттык менеджмент системинин принциптерин билүүсү, ички корпоративдик биримдик жана ар бир кызматкердин кардарларга жасаган мамилеси.
MegaCom жогорку сапаттагы тейлөөнү, кызматтардын кеңири түрүн, ишенимдүү байланышты, ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. Компания түйүндү кеңейтүү жана оптималдоо, техникалык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барууда.