Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын "Сахна" аттуу ырды талашканы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган эле. Ыр мыйзамдуу түрдө Гүлнур Сатылганованын репертуарындагы ырларынын тизмесинен орун алды. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG`ге бүгүн, 19-октябрда билдирди.
"Айчүрөк Иманалиева мен ырдай турган ырды эч уруксаты жок, авторлор менен көзмө-көз сүйлөшпөй, ырдап алган эле. Муну туура эмес көрүнүш деп ойлойм. Учурда ыр толук мага өттү. Буга далил катары менде тиешелүү документтер, келишим кагаздары бар. Айчүрөк Иманалиева эми ал ырды ырдабайт, радиолордон алдырды", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, жакында эле Гүлнур Сатылганованын "Сахна" аттуу ыры жарык көргөн. Андан аз өтпөй ырчы бул чыгарманы Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап чыкканын айткан. Ал эми Иманалиева буга "ырды мен Гүлнурдан мурун ырдап чыктым" деген жооп узаткан эле.