Жылына 8 тоннадан ашуун форель саткан чарба

“Кумтөр” иштеп баштагандан тарта жергиликтүү балык чарбалары менен иш алып барат. Ийгиликтүү кызматташуунун жакшы мисалы - Тоң районундагы жеке ишкер Бекжан Турганбаевдин кен ишканасы менен кызматташуусу. Алтын кен ишканасы жылына 8 тоннадан ашуун форель балыгын жалпы жылдык суммасы 50 миң доллардан ашкан көлөмдөрдө сатып алат. Өндүрүшчү Кыргыз Республикасынын санитардык нормалары менен катуу талаптарына жооп берет. Андан сырткары КГК талап кылган сапат стандарттары, транспорттоо жана сактоо эрежелерине шайкеш иш алып барат. Форель толугу менен тоңдурулган түрдө жеткирилет.

“Кумтөрдүн” туруктуу жана ири көлөмдөгү сатып алуулары бизнести өнүктүрүүгө шарт түзүүдө. Учурда балык чарба Ысык-Көл облусу боюнча 15 кафе жана 15 эс алуу жайы менен кызматташып, форель менен камсыздоодо. Ишкердүүлүктү кеңейтүү максатында Казакстан менен Орусияга да балык сатуу аракеттери бар. Учурда 5 адамды иш менен камсыздап, балык баккан 20 бассейн аракетте. Эки өкүлү күнүгө кардарларына тоңдурулган форелди жетикирип берүү менен алек. Андан сырткары Бекжан Турганбаев башка ишкерлердин да өнүгүүсүнө жардам берет. Ал үчүн балыктын майдасын көбөйтүп алууга сатып, кантип багуу боюнча кеп-кеңешин берет.

Тоо-кен ишканалары - өндүрүш менен кызматкерлердин штатын толук камсыздоо үчүн керектелген товарлар жана материалдардын ири кардарлары. Бардык азык-түлүк келишимдери 100% Кыргыз Республикасында түзүлөт. Учурда өндүрүштүк иште күнүмдүк керектелүүчү 11 000 аталыштагы товарды 600дөй Кыргызстандын ишканалары камсыздашат.

"Кумтөр" иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги жергиликтүү сатып алуулардын акчалай көлөмү тууралуу бул шилтеме аркылуу маалымат алса болот. Компания менчик ээлери КР жарандары болгон ишканаларга артыкчылык берип, кен ишканасына жакын жайгашкандарына мүмкүн болушунча колдоо көрсөтөт. Ишкана ээлерин ак ниеттүүлүккө текшерүү үчүн бардык учурларда "Кумтөр Голд Компанинин" жетектөөчү принциптери, анын ичинде эл аралык бизнес жүргүзүү саясаты жана этика нормаларынын топтому пайдаланылат. Ошондой эле "Кумтөр" менен келишим түзүүнү каалаган бардык ишканалар (же уюмдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына толук жооп берүүгө милдеттүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
keba300989
2016-10-24 16:52:26
Жакшы жумуш экен
0
UlukmanKalyev
2016-10-25 09:35:16
Бардык жумуштун китебин окусаң кылган ишиң өз жемишин берет
0
Luchik81
2016-10-25 12:42:11
UlukmanKalyev,
Туура, сабаттуулук жакырчылыкты жоюудагы эң башкы шарт. билими күчтүү миңди жыгат.
0
U_ALMA
2016-10-31 17:04:41
Luchik81, Туура айтасыз билими кучтуу минди жыгат. Бирок, билимин болуп, чонтогундо акчан жок болсо алган билиминдин дагы кереги жок болуп калат екен. Мисалы, биздин чыгарган товарларды (сут ондурушору, крапалар, чай ж.б.у.с.) озубуздун рынокто сата албайбыз. Сатканды кой,шаарыбыздагы гипермаркеттерге кое албай келебиз. Бир позицияга 15000 ден 25000 мин сомго чейин акча сурашты. полкаларына кою учун. Анан кантип ондурушту онуктуробуз????
0
Luchik81
2016-10-26 09:21:17
50 миң доллар сизге күнүмдүк акча болсо, башка бирөөнө өмүрүндө көргүс акча.
Балыгын Кумтөргө сатып, кыйын иштеп атыптыр бала.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан