Чоң бизнести иштетүү үчүн көп адам ресурстары менен узун тизмедеги товарлар керектелет. Маселен, Кыргызстандын эң ири алтын кен ишканасы “Кумтөрдү” иштетүү үчүн 600 чакан жана орто бизнес ишкана 11 миң товардын түрү менен камсыздайт. Алар кандай товарлар? Унаа тетиктери, айдоочулардын кийими, жеген тамак-ашы, спорт менен машыккан жериндеги шаймандар.
"Кумтөр" кен ишканасынын бийик тоолуу турак жай лагеринде күнү-түнү иштеген 1700дөй адамга тамак даярдоодо күнүнө эки миңдей жумуртка сарпталат. "Житница" фермасы - алтын өндүрүүчүнүн көп жылдан берки ишенимдүү өнөктөшү. “Кумтөрдүн” өндүрүшү деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте, +15°Сдан -38°Сга чейинки температуралык шарттарда жайгашкан. Татаал шарттарда оор жумушту аткарышы үчүн кызматкерлерди азыктуулугу мол, сиңимдүү жана сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо шарт. Бул эртең мененки азыкка түрдүү даярдалган омлеттен тартып таттуу токоч жана салаттарга чейин кубат берүүчү даамдар. Негизги азыктардын бири катарында жумуртка Чүй облусунда иштеген “Житница” фермасынан алынат. Ишкананын жетекчиси А.Штанько мындай дейт: "Биз өз бизнесибизди "Кумтөр" долбоорунун бөлүгү катарында сезебиз жана аны менен абдан сыймыктанабыз. "Кумтөр" эсептерди беш күн аралыгында төлөп берген эң сонун, ишенимдүү кардар".
2012-жылдан баштап "Житница" фермасы өзүнүн кардарлар базасын кеңейте баштаган. Ага чейин жалгыз алтын кенге иштечү. Учурда өндүргөн товарынын 50 пайызын башка ишканалар сатып алышат. Чарбадагы тооктордун саны 12 миңге жетип, жылына 3 миллион жумуртка өндүрүлөт. "Житница" 100 үй-бүлөдөн ижарага алган 500 гектарга жакын жерде тооктор үчүн тоют өстүрүп, өзүн өзү камсыздайт. Андай жол менен 100 үй-бүлө да экономикалык пайда көрүүдө.