ТЕСТ: Бишкектин көчөлөрүнүн жаңы аталыштарын жакшы билесизби?
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык алганына 25 жыл болду. Өлкө борбору Бишкек 1991-жылдан бери көп өзгөрүүлөргө учурады. Алардын бири - шаар көчөлөрүнүн аталыштары. Убагында чет элдин белгилүү инсандарынын атынан коюлган көчөлөрдүн бир тобу кыргызчага алмаштырылган, бүгүн да жаңыланууда. Совет доорунда элдин кулагына сиңип, кийин жаңыча аталган көчөлөрдүн элге алынып кеткени да, күнүмдүк турмушта дагы эле эскиче айтылып жүргөндөрү да бар. Баш калаадагы көчөлөрдүн жаңы аталыштарын сиз канчалык деңгээлде билесиз? Өзүңүздү сынап көрүңүз.