Эрмек Өмүралиев: "Мен авиация тармагын өнүктүрүүчү шарттарды түзүү үчүн бардык күчүмдү жумшадым"

Кыргыз өлкөсүндө жарандык авиациядагы мамлекеттик жөнгө салууну, атайын (аткаруу, көзөмөлдөө, жөнгө салуучу) функцияларды Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги аткарат.

2016-жылы октябрь айында 11 ай гана иштеген Эрмек Өмүралиев директордун ордун бошотту. Ошондой болсо да Өмүралиев өзүнүн командасы менен көптөгөн иштерди аткарды: Еврокомиссиянын "кара тизмесинен" чыгаруу үчүн так план коюлду, тармактык жана коомдук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жанданды, ведомствонун ишмердиги ачык боло баштады жана башкалар. ЖМКлар Эрмек Өмүралиев ведомствонун ичинде чыккан чыр-чатактан улам кеткенин жазып чыгышкан.

"Мен кызматымдан үй-бүлөлүк абалыма жана саясий себептерге байланыштуу кеттим. Ал эми агенттиктин ичинде орун алган чыр-чатактар өндүрүштүк процесстин жүрүшүндө пайда болуучу иш учуру. Учурда коллективдин психологиялык, моралдык жана иш шарттары жогору. Мен иштеген маалда коллективди бириктирип, алдыга умтулуу көрсөткүчүн жогорулата алдым. Кызматкерлердин баалоосу боюнча, мындай жагымдуу жагдай агенттиктин ичинде көптөн бери болгон эмес. Азыр агенттиктин кызматкерлеринин арасында ведомствонун акыркы жылдагы ишмердиги тууралуу экспресс-сурамжылоо жүрүп жатат. Албетте, менин кокустан кетишим көптөрдү таң калтырып, агенттикте башталган өзгөртүүлөргө болгон даярдыкка кедергисин тийгизип, анын ишке ашуусуна адистердин ишенимин төмөндөттү", - дейт Өмүралиев.

Бир жылга жетпеген убакта Эрмек Өмүралиев эмгек жамаатынын профессионалдык дареметин жогорулатууга шарт түзүп, кызматкерлер менен инспекторлор бир нече билим берүү программаларынан өтүшкөн. Агенттиктин ишмердигин ачыктоо үчүн бардык багытын көрсөткөн сайт ачылып, Ошто кулаган учак боюнча тергөө жыйынтыгы жарыяланган. Андан сырткары Өмүралиевдин тушунда орнотулган жаңы коммуникациялык каналдардын жардамы менен агенттикке түшкөн билдирүүлөр тез каралууда. Ошондой эле Эл аралык ишкерлер кеңешинин Туризм комитети, Кыргыз бизнес-ассоциациясынын Улуттук альянсы жана авиа, туроператорлор уюму менен кызматташтык түзүлгөн. ICAO, EASA, IATA Эл аралык авиауюмдары жана Еврокомиссиянын мобилдик жана транспорт комитети менен да кызматташуу активдештирилгенин баса белгилей кетсек.

"Бүгүнкү күндө негизги база, керектүү мастер-пландар жана жол карталары түзүлдү. Эми белгиленген системдик пландарды аткаруу мөөнөтү келди. Бул база жаңы башкармалыкка башталган иштерди өзүнүн ийгиликтүү жана логикалык аякташына шарт түзөрүнө ишенем”, - деди Өмүралиев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
suban78
2016-10-26 22:07:59
Ээ "В авиации инициатива наказуема" деген соз туптуура да. Идея которуп чыгып бироолорго бут тосулган окшойт да.
+2
zhykyo
2016-10-26 22:32:41
Окуп отуруп бир ой келди жакшы иштеп жаткан балдарды кетиришип эле бирдеме кыла беришет ушул бийлик. Качан онолобуз билбейм?
-2
Jyrgal_msk
2016-10-27 19:48:31
Эл билет кандай иштеди?Иштегендерди эл баалап эле атышат.Мактангандай болуп калыптыр,эл мактай турган болсун.
+1
tyrgon
2016-10-27 23:58:48
Женил авиацияны мамлекет онуктурууго даражасы коз жумсада жетет бирок анын кимге кереги бар андан коро ошо акчаны чонтоко салганы тура деп ойлоп Иштеп жататдаа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан