Камчы Көлбаев сотто тагылып жаткан айыптарды моюнга албай турганын айтты

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум өтүп жатат. Анда айыпталуучу Камчы Көлбаев өзүнө тагылып жаткан айыпты моюнга албай турганын айтты. “Бул жерде айтылган фактыларды моюнга албайм. Мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептебейм”,- деди Көлбаев. Жыйында мамлекеттик айыптоочу суракты айыпталуучудан баштоону сунуштады эле, буга Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян каршы чыгып, суракты жабырлануучулардан жана күбөлөрдөн баштоо керектигин айтты. Эске сала кетсек, Көлбаев "кылмыштуу топтун өкүлү катары баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү", "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан