Балдар баккан бадыраң баарына жетет

“Мээрим булагы” балдар үйү 1998-жылы уюштурулуп, учурда анда 7 жаштан жогорку балдар тарбияланышат. Алардын бири-бирине жасаган бир туугандай мамилесин көрүп, көңүлүбүз куунак болду. Биз алардын жашоосу менен жакындан таанышып кайттык.

Балдар үйү үч жыл мурда “Кумтөр Голд Компанинин” каржылоосу аркылуу күнөскана уюштурган экен. Түп районунун Ак-Булак айылында жайгашкан “Мээрим булагы” балдар үйүнө тиешелүү күнөскананын аянты 120 чарчы метрди түзүп, курулуш иштерине долбоор тарабынан 603 621 сом кайтарымсыз берилген. Учурда күнөскана толук кандуу иштеп, балдарды экологиялык таза жашылчалар менен камсыздоодо.

Биздин күнөскана "Кумтөр" каржылаган туруктуу өнүктүрүү долбоорлору боюнча курулуп, иштеп жаткандар арасында алдынкылардан деп ойлойм. Анткени биз балдар менен бирдикте абдан аракеттендик, курулуш иштерине активдүү жардам бердик, окуу борборлору уюштурган семинарлардын баарына үзгүлтүксүз катыштык. Анын үстүнө биз өзүбүз иштейбиз, киши жалдаган жерибиз жок. Ошондуктанбы, түшүмүбүз мол да, сапаттуу да болууда, - деп баяндады балдар үйүнүн тарбиялануучусу, долбоордун жетекчиси Наргиз Мамытова.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан алдынкы күнөсканалардын иштери менен да таанышууга шарт болгон. Ал жактан күнөскана ээлери менен агрономдор пайда болуучу кыйынчылыктар, үрөн тандоонун сырлары, сугаруунун өзгөчөлүктөрү, өсүмдүк илдеттери жана башка маселелер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн. Учурда Түп айылында жайгашкан “Билим” окутуу борбору балдар үйү менен тыгыз байланышта болуп, чейрек сайын күнөскананы өнүктүрүүгө байланыштуу окутуу уюштурушат.

Биринчи жылы бир аз кыйналдык, суроолорубуз көп болуп, Билим борборунун агрономуна тынымсыз кайрылып жаттык. Жашылчаны жылына эки жолу айдайбыз, көбүнесе бадыраң, анан ашкөк, салат, мындайча айтканда, жыл бою витаминдер менен камсызбыз. Түшүм жакшы болуп, жеп түгөтө албай калганда, ашыгын айыл тургундарына сатып, киреше тапканды да үйрөндүк. Бизге күнөскана иштетүү абдан жакты, дагы кеңейтип, аянтты чоңураак кылып салсакпы деп пландаштырып жатабыз. Балдар да абдан кызыкдар, жегенге да, кошумча киреше тапканга да шарт түзүлөт. Баарынан маанилүүсү - тарбиялануучулардын күнөскана иштетүү сырларын тааный билүүсү келечектеги жашоосуна жардам болуп калар”, - деп сөзүн улады Н.Мамытова.

“Мээрим булагы” балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 21 жаштагы Владислав Коротенко убактысынын көбүн күнөсканада өткөрөт. Таң эрте туруп андагы температураны өлчөп, от жагат. Күнүнө эки чаканын тегерегинде көмүр кетерин айтат ал. Тамчылатып сугаруу системи орнотулгандыктан, суу үнөмдүү, ал эми түйшүгү аз. Ал да долбоордун алкагында орнотулган.

Мындай күнөсканалар Ысык-Көл облусунун башка айыл-шаарларында да курулган. Көптөгөн тургундар бизнес катары өздөштүрүп, алып кетүүгө жетишкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан