MegaCom жаңы кызматы! Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

Өлкөбүздүн алдынкы оператору "Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч" кызматын ишке киргизүүдө. Бул кызмат кайсы учурда болбосун балансында каражаты жетиштүү болуп туруусун каалаган абоненттер үчүн атайын иштелип чыккан.

"Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагычты" кошуу эң жөнөкөй. *510*1*#чалуу USSD-буйруусун терип, кызматты кошуп алган соң, сизге эсебиңиздеги каражаттын 10 сомдон төмөн экенин жана балансты толуктоо керектигин эскерткен SMS-маалымдоо келип турат. Демек, шашылыш учурда балансыңызда каражат жок болуп калат деп кам санабай эле койсоңуз болот. Кызмат MegaCom абоненттеринин баарына акысыз көрсөтүлөт.

MegaCom өз абоненттеринин мобилдик байланышка жана интернетке сарпталуучу чыгымдарын көзөмөлдөп туруусун шарттаган бир катар ыңгайлуу кызматтарды сунуштап келет. Толугураак маалыматты компаниянын сайты жана Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчалары аркылуу билүүгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
talant87
2016-10-27 10:19:35
акы толонобу ошону жаспайбы кунумдук
0
Amanov
2016-10-27 10:43:34
акысыз деп турат
+1
Seryi-Kardinal
2016-10-27 11:09:54
beeline da ilgerteden ele bar go
+4
Rifle_I
2016-10-27 11:48:31
Кошуу, өчүрүү буйругу бар экени жакшы экен. Антпесек О компаниясы тажатты интернетиң ылдамдыгы азайды, акчаң аз калды деп. Мен үчүн мындай эскертүү ашыкча.
+4
tashi62
2016-10-27 15:15:34
Азыр эң ыңгайлуу тариф элдик окшойт башкасы окшошпой жатат .
+2
dina-85
2016-10-27 16:01:30
Элдик жакшы экен,бир жума отуп кеткенин да билбей калып атам
+1
tashi62
2016-10-27 16:50:08
dina-85,туура айтасыз бир жума 3 күндөй эле болуп калыптыр .
+1
aralbek
2016-10-27 21:00:10
Мегаком андан кору МБ аз калды деп эскертуу берсе жакшы болмок инетте отура бересин карасан эле балансынан кетип калган болот
+3
nazgul90
2016-10-28 08:47:58
Озбек тили деп кошумчалаган да еле мегаком компания жаман кором. Озбекстанда Кыргыз тилин кошумча лап суйлотот бекен колдонбойм да.
+2
a.m.akmoldoev
2016-10-28 09:04:29
megacom дон корпаративный сим карта алса болобу. билгендер болсо айтып койгулачы
0
Amanov
2016-10-28 09:12:08
мегаком компанияга барсаң корпоратив,золотой номерлер толо
0
cristiano
2016-10-28 09:14:46
Бул сенсация эмес, ансыз деле компания маалымат берип туруусу абзел!
+1
nur007mir009kg
2016-10-28 10:55:47
"Элдик"-жакшы тариф экен балкаларга салыштырмалуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан