Өндүрүш - өлкөнүн өзөгү

Үч жыл мурда "Вулкан Плюс" ишканасы тоо-кен өндүрүшүндө баалуу металлдарды ылгап алуу жана цементти өндүрүүдө колдонулуучу чоюн шарларды чыгарууну колго алган. Ишкана Токмок менен Кеминдеги кароосуз, талкаланып жаткан имараттарды ижарага алып, металл куюучу цехтерди ачкан. Бүгүнкү күндө алар толук кубатта иштеп жатканы кубантат. Жүрүп жаткан иш менен жакындан таанышуу үчүн апта башында аталган цехтерде болуп кайттык.

Кыштын кычыраган күнү илеби бетти албырткан мештерде чоюнду шорподой кайнатып, шар жасап жаткан усталардын эмгеги баа жеткис. 1500 градустагы ысык меште эриген чоюнду калыпка куюу, чыңоонун түйшүгү түмөн. Мында көлөмү 25 миллиметрлик диаметрден 110 миллиметрге чейинки чоюн шарлар өндүрүлсө, алардын айлык көлөмү орто эсеп менен 300 тоннаны түзөт. Учурда өндүрүм толугу менен "Кумтөр" кениндеги алтын ылгоочу фабриканын керектөөсүнө жумшалууда. Алсак, өткөн жылы ишкана алтын кен компаниясына 4658 тонна шар даярдап берген. Бул көрсөткүч кен ишканасынын жылдык керектөөсүнүн жарымынан ашыгын түзөт.

"Аталган өндүрүш "Кумтөр" болбогондо ачылат беле, жок беле..." деген ишкана жетекчиси Сергей Кочетов: "Ишкана ачылганда диаметри 25 миллиметрлик гана шарларды даярдасак, бүгүнкү күндө 110 миллиметрлик шарларды да чыгаруудабыз. Алдыда 125 миллиметр диаметрдеги шарды чыгарууга даярдык көрүлүүдө жана өндүрүмдүн түрлөрү да кеңейтилүүдө", - дейт.

Атап айтсак, Кыргызстандагы башка кен ишканаларынын буйрутмасы менен тоо тегин майдалоочу тегирмендин коргоочу бөлүктөрү даярдалууда. Алдына бийик максат койгон чоюнчулар жакынкы жылдары бүтүндөй өлкөнү кучагына алып, чет өлкөнүн базарларына чыгууну көздөшөт. Алардын мындай аракети, албетте, мактоого татыйт. Анткени эртең "Кумтөр" долбоору мөөнөтү жетип жабылса, иш уланып, туруктуу жумуш орундарын сактап калуу маанилүү.

Кубандырган дагы бир жагдай - чоюн ишканасы өндүрүмдөрүн европалык деңгээлге чыгаруу максатында ISO9000 (Эл аралык стандарттар боюнча уюмдун көрсөткүчү) стандарттарына жеткирүүнү колго алган. Мында чоюнду куюу сапаты, иш коопсуздугу, материалдардын сапаты эске алынат. Бул бийиктикти багынтуу үчүн ишкана Англия жана Болгариядан көз карандысыз эки экспертти алып келишкен. Кызматташууда дүйнөлүк стандарттарды сактаган "Кумтөр" ишканасынын талабы да ушул болгон. Мындан улам өндүрүмдүн химиялык курамын, түзүлүшүн, бекемдигин жана башка техникалык көрсөткүчтөрүн стандартка төп келтирүү үчүн ишканада лаборатория ишке киргизилгенин айткан Сергей мырза: "Буга чейин өндүрүштүк кемчиликтер болуп келсе, лабораториянын жардамы менен жараксыз өндүрүмдөр жокко эсе болуп калды", - деди. Ошондой эле "Вулкан Плюс" ишканасы "Кумтөр" менен кызматташууда дүйнөлүк стандарттарды багындырып жатканын кошумчалады.

Өндүрүштүн сапатына көз салуу үчүн келген көз карандысыз кеңешчи Георгий Николас жетишкен ийгиликтер чек эмес дейт. Алдыдагы максат ишкананы роботтор колдонулган чет өлкөнүн заводдорунун деңгээлине жеткирүү экенин айтты.

Чоюн шарларды даярдоого зарыл болгон чийки зат "Кумтөрдөн" келип турат. Кенде мөөнөтү бүткөн техникалар, жабдуулар кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Бул өз кезегинде экологиялык стандартты ишке ашыруу жана экономикалык пайданы арттыруу болуп саналат. Андан сырткары талап кылынган башка чийки заттар жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн да алынат. Башкача айтканда, алтын кени "Вулкан Плюс" ишканасынын өндүрүмүн сатып алып, ал өз кезегинде ишкана башка бир нече ишканаларга кардар катары алардын кирешесин көбөйтүп, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө болууда. Экономикадагы бири-бирине таасир эткен мультипликативдүү экономикалык эффектке ушул жерден күбө болобуз.

Чоюн шарларды куюу цехинде электрик кызматында эмгектенген Кемин районуна караштуу Боролдой айылынын тургуну Адилет Бакиров жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болгонуна кубанычта. Ал эки жылдан бери өз кесибинен сырткары чоюн куюунун ыкмасын да өздөштүрүүгө жетишкенин айтып: "Кумтөргө" рахмат айтабыз. Аталган компаниянын аркасы менен туруктуу жумуш орундары түзүлүп, татыктуу маяна алуудабыз", - деп ой бөлүшөт.

Сөз соңунда кошумчалай кетсек, "Кумтөр" компаниясы жергиликтүү 600дөй ортомчу ишканалардын кызматын жана өндүрүмүн пайдаланат. Алардын ар биринде ондогон жумушчулар эмгектенишет. Биз барган "Вулкан Азияда" 120 адам туруктуу иш орду менен камсыз болгон. Ал эми "Кумтөрдүн" өзүндө
2500дөн ашык адам иш менен камсыз болгон. Өлкө экономикасы үчүн бул сандардын таасири абдан маанилүү экенин адистер да, Адилет сыяктуу эмгектенген адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү да баса белгилешет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан