MegaCom – үй-бүлө үчүн байланыш

MegaCom ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн көңүлүнө төп келе турган "үй-бүлөлүк" кызматтарды байма-бай сунуштап келет. Маселен, балаңыз же улгайган чоң ата, чоң апаңыздын ар дайым сиз менен байланышта болуп туруусун каалайсызбы? Кам санабаңыз, эми алар балансы нөл болгон учурда да сизге чала алышат. Ушул эле дейсизби, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн мобилдик эсебин да көзөмөлдөп тура аласыз.

"Менин төрт балам бар. Алар мектепте окушат, курстарга жана ийримдерге барышат. Балдарым каалаган учурда мага чала алышат. Бул мен үчүн абдан маанилүү. "Жакын адамдар" опциясы тууралуу билер замат балдарымдын номурларын тизмеге коштум. Эми алардын балансы нөл болгон учурда да мага чала алышат", - деп ой бөлүшө кетти Бакыт Абакиров.

"Жакын адамдарга" 10го чейинки жакындарыңыздын номурун кошо аласыз. Кошуунун жолу эң жөнөкөй: *212*1*055Aхххххх# буйруусун тересиз, жакындарыңыз сиздин номуруңузду *212055Aхххххх форматында сактап алышат. Жакындарыңыз каалаган учурда сиздин эсебиңизден чалуу аткара алышат. Кирген чалуунун наркы тарифтик пландан көз карандысыз, секундалык тарифтөө менен мүнөтүнө болгону 1 сомду түзөт.

"Кызым 7 жашта жана анын мобилдик телефону бар. Ал кокусунан кыска номурларды терип алуусу мүмкүн. Кыска номурлар көңүл ачуу мүнөзүндөгү кызматтарды кошуп алуу буйруусу болуп калышы ыктымал. Жолдошум экөөбүз "Ата-эне көзөмөлү" кызматын кошуп коюуну чечтик", - дейт Айнура Касымова.

Бул кызмат камкор ата-энелер үчүн балдарынын балансынын абалын көзөмөлдөп турууга жардам берет. Эң башкысы – акы төлөнүүчү көңүл ачуу порталдарына кошулууга тыюу салат. Мындан тышкары балаңызга эл аралык номурларга чалуу аткарууга жана мобилдик которууларды ишке ашырууга да тыюу саласыз. Балаңыздын номурун кошуу үчүн *211*1*055Xxxxxxx# номурун териңиз. *11# старттык буйруусу менен ыңгайлуу башкарууга болот.

"Үй-бүлөлүк" сериядагы башка кызматтар жана опциялар тууралуу биздин кийинки жаңылыктарыбыз аркылуу кабардар болуп туруңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2016-10-31 23:46:04
Башка операторлордун кызматтары жонундо да жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан