SUPER.KG'де президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүрүүдө (31-октябрь-14-ноябрь, 2016-жыл)

2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктайт, анткени 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам Атамбаевге экинчи жолу президент болууга жол бербейт. Демек, бир жылга жетпеген убакытта Кыргыз Республикасынын эли жаңы ажону шайлоого киришет.

Алгачкы күндөн тарта Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп келген бийлик шайлоонун жакындашы менен аны кайрадан өзгөртүүгө камынууда. Бийлик бүгүн бирди айтып, эртең башкача кадамдарга баруусу кадимки көрүнүш болуп калгандыктан, "Атамбаев деле кайрадан президент болуу аракетин көрбөйт" деп кесе айтуу кыйын. Ошондуктан сиздерге эки түрдүү сурамжылоону сунуштоону туура көрдүк: бирөө Атамбаев менен, экинчиси Атамбаевсиз.

Президенттик шайлоого катышарын азырынча саясатчылар Адахан Мадумаров жана Темир Сариев билдирди. Сурамжылоого талапкер болушу мүмкүн деп коомчулукта аты аталып жаткан башка саясатчылардын да ысымдары кошулду. Тизме экс-муфтий Чубак Жалилов, партия лидерлери Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев жана президенттик аппараттын өкүлү Сапар Исаков менен толукталды. Чубак Жалилов президенттикке талапкер болсо колдоого аларын айткандар көп, ал эми тизмеге жаңы кошулган 3 саясатчы да жарышка аттанышы мүмкүн делгендердин катарында. 17-31-октябрь аралыгындагы сурамжылоодо эң аз добуш алгандыгына байланыштуу Сооронбай Жээнбеков тизмеден алынды.

Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.

Эскертүү: Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 14-ноябрда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (399)
Eldar6724
2016-11-13 00:25:36
Коментарийлерди окуп айран калдым, патриот! патриот! деп эле кыйкырасыңар анан өкмөтко каршы, 7 баштуу ажыдаарларга, өз күчүн он эсе- жүз эсеге чоң болгон элдин канын ачык эле жуткандарга каршы чыккан улутка күйгөн патриот чыкса, ошол ажыдаарлар казган аңга тушуп андай адамдарды өз эркибиз мн жалпак тил мн айтканда жок кылып салып атабыз бул мн жеке оюм эгер ким каршы болсо ал өзүнүн иши, эгер туура деп эсептесе мен оюмду толуктап ак үйдүн 7чи кабатында олтуруп алып өзү кудай сезгендерди кайра
-2
Eldar6724
2016-11-13 00:56:52
жерге түшүрөлү, 2010-2011-2012-жылдардагы митинг көтөрүлүштөрдү шылтоого кылып кыргызсаныбызды отургузуп, азыр уже жатайын деп калды, ай кыргызстан отуруп калды силер эмне кылтасыңар өзү биз жакшылап ачык айкын көрсөткүлөчү деп чыкандарды туристтерди коркутасыңар же инвесторлорду качырасыңар, биз стабилдүүлүк,тынчтык керек деп шылтоолоп элди сооротуп атышат, турист,инвесторлор келетурган болсо давно келиш керек элего, 4 жылдан бери кыргызстан эли бирда баш көтөрбөдүкго, эгер бийликтегилердин тил
-2
Eldar6724
2016-11-13 01:02:21
эгер бийликтегилердин тилеги ушул эле болсо өнүгөт элего, мигранттар кайтат элего, андай болгон жок, дагы бирдемке десең эле "мамлекет сен үчүн эмне кылды эмес, сен мамлекет үчүн эмне кылдын " деп актанышат биз мамлекетке эң башкы нерсе тынчтыкты бердик бул бардык башка нерселеден кымбат турат ошону түшүндүбү бийликтегилер, жок тескерисинче кайра элди кемсинтип өзүн диктатор сезе башташты, жеке менин оюм мундай кыргызстандын мага кереги жок азыр уже паталого жетти,
-1
Eldar6724
2016-11-13 01:05:17
керек болсо дагы бир жолу ревалюция болотурган кырдаалга жетти, бирок бул ревалюция 2010 жылдагыдай эмес, 1916-7 жылдардагыдай болушу керек, баардык байларды,бийликтегилерди кулака тартып жаңы муунду алып келет турган кырдаалга жетти деп эсептейм, же баарыбыз мигрант болуп бийликтегилердин сол капчыктарын толтуруп калышыбыз мүмкүн, эгер ишенбесеңер соц статистиканы көрсөңөр болот интернеттен уже кыргызстандын жарымы мигрант, ушинтип улана берсе эртең кыргызстандын ксыда калбай..." Күндөп, а
-1
Eldar6724
2016-11-13 01:07:44
" Күндөп, айлап, жылдап кансырап өлгөндөн көрө, өз келечегим,урпактарым үчүн өлгөнүм артык!"
0
Asem89
2016-11-13 12:10:44
Сурамжылоонун озу жакпады. Бул Атамбаевге каршы атайын жасалгандай, анткени "...бирөө Атамбаев менен, экинчиси Атамбаевсиз" деп суроо коюптур, кептин баары ушунда жатат. Анын устуно шайлоого дагы убакыт бар да,эмне анча шашып муну которуп чыгышты? Менимче, бул жон гана чагым. Бул жактагылардын 99 пайызы олконун туштугунон болгону учун Мадумаровду колдогону корунуп турат, бул сурамжылоонун жыйынтыгын тааныбай койсо да болот.Ал учун олконун бардык тарабы бирдей катышыш керек,ошондо туур
-5
shamshiev.80
2016-11-13 13:29:09
Asem89,Менин оюума дагы келди ушул нерсе
-2
Erlan_95
2016-11-13 15:13:57
Asem89,кыргызстандын калкынын 99% туштуктон болуп атса анан
0
shamshiev.80
2016-11-13 13:28:09
Текебаев президент болот деп ишенем
-5
lenovo820
2016-11-13 15:10:07
Tatyktuu ech kimisi jok bulardyn arasynda baary jep jutarlar
0
NuriK_Ala-Too
2016-11-13 15:16:38
Текебаев татыктуу
-4
gulmira96
2016-11-13 15:26:38
Эл учун деп иштеп эл учун куйуп бышкан патриотторубуз козунорго корунбой жалан коррупционерлерди коруп калгансынар го. Мен сунуштайт элем Кылыч Султановду, Эрнис Кыязовду, Жанар Акаевди ж.б санай келсе андай азаматтар коп эле.
-1
almaz8989
2016-11-13 21:55:59
Абдылдаев Мыктыбек Юсупович президенттикке татыктуу деп ойлойм!
-5
akimov_97.osh
2016-11-14 01:41:02
Melis Myrzakmatov
-2
_PeriWa_
2016-11-14 10:19:01
Мырзакматов болсо жакшы эле курсагы ток озу ток козу ток инсан же Бабановду болсо ал да премьер министр болуп турганда козго коруно турган иштерди жасаган аны баарыбыз билебиз
-1
Alaikuu_Kan-Korgon
2016-11-14 11:27:40
Баарын убакыт корсотот. Кимиси болсо да эл учун иштесе болду эле. Жебестен, качпастан бироого шылтабастан, оозуна келгенин оттобостон, тилинен бал тамып колунан таш балекет келтире албастан, кыргызга куйгон киши болуп ичтен жайлабастан иштеген адам келсе болду. Тундуктонбу туштуктонбу эч айырма жок.
+1
Kulpunayabdivaitkyzy
2016-11-15 02:14:43
Мелис Мырзакматов президент болбосо да ошко мэр болсун кайтып келсин
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан