Бүгүнкү жашоону жарыксыз элестетүү кыйын. Жарыктын жардамы менен адам баласы өзүнө керектүү нерсенин баарын көрө алат эмеспи.
“Биз жарыктыктын жыргалчылыгын тартуулайбыз!” деген ураан менен жарым кылымдык тарыхы бар Майлуу-Суу электр лампа заводу өз ишин мыкты аркалап келүүдө. Бүгүнкү күндө аталган завод лампочканын жүзгө жакын түрүн чыгарат.
Биздин лампочкалар жогорку сапат менен айырмаланып, башка өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу алдынкы орунда турат. Заводдон чыккан продукциялар эл аралык ISO-9001-2008 стандарт системдерине толугу менен жооп берип, Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын сертификаттарына ээ. Лампочкалардын жабдыктары толугу менен заводдун ичинде даярдалып, айрымдары башка ишканалар тарабынан да колдонулат. Ал эми иш процессинде колдонулган кагаздын калдыктарынан даарат кагаздары даярдалат.
Акыркы жылдары диоддук лампочкалар көп колдонулуп баштаганына байланыштуу ишкана тарабынан бул продукцияны өндүрүү да колго алынган. Жаңы технологияларга ылайык, кадимки лампочкалар менен диоддук лампочкалардын айырмасы чоң. Анын үстүнө диоддук лампочкалардын жардамы менен кардарлар электр жарыгын бир нече эсеге үнөмдөй алышат. Мисалы, бөлмөнүн ичин мурун жарыктандырууга 100 Вт электр энергиясы сарпталса, диоддук лампочка менен 10 Вт электр жарыгы гана сарпталат. Андан сырткары диоддук лампочкалар адамдын көзүнө терс таасирин тийгизбей турганын баса белгилеп кетпесе болбойт.
Диоддук лампалар электр жарыгын үнөмдөөчү, курамында сымап бар лампаларга салыштырмалуу кооптуулукту жаратпайт, себеби ал айлана-чөйрөгө зыянсыз жана экологияны сактоого салымы чоң. Аталган лампалар механикалык таасирлерге туруктуу, андан сырткары катуу соккуга туруштук бере алат. Ал эми эң негизги өзгөчөлүгү - ал канча убакыт иштесе да ысыбайт жана аны колдонууда өрт чыгуу коркунучу жокко эсе. Мындай өзгөчөлүк диоддук лампаларды балдар бакчасында, окуу жайларда жана суу алдында колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле үнөмдүү кардарлар үчүн жагымдуу жагдай - бул лампаларды 10 миң саат же 1 жыл бою тынымсыз колдонууга болот жана электр жарыгын 9 эсе үнөмдөй алабыз! Бул нерсе жөнөкөй лампочкага салыштырмалуу 10 эсе узак убакытка колдоносуз дегенди түшүндүрөт.
Баса белгилеп кетчү жагдай, заводдон чыккан диоддук лампалардын сапатын белгисиз кытайлык өндүрүүчүлөр чыгарган лампалар менен салыштырып болбойт. Себеби ал лампалардын кызмат кылуу мөөнөтү сыртында көрсөтүлгөн убакыттан айырмаланат жана сиз күткөн электр энергиясын үнөмдөө процесси кооз жазылган убада боюнча гана калат. Кытай өндүрүүчүлөрүнүн лампанын жарыктыгын күчөтүү максатында жасаган кадамдары анын кызмат кылуу мөөнөтүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Мындай жагдай өндүрүүчү үчүн, албетте, чоң кемчилик.
Биздин товарларды колдонуу менен сиз Кыргыз өлкөсүнүн өндүрүшүнө салым кошуп жатасыз. Бул кадам менен сиз ата мекендик электр өндүрүшүнүн өнүгүүсүн артта калтырбай, замандын талабына жооп берүүсүнө жана ишкананын ичинде жаңы технологияларды колдонууга шарт түзүп жатасыз!
Сурап билүү үчүн телефон номурлары: (03744) 52-607, 52-460, 52-500, (0312) 90-61-90-92, 90-61-73.