Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун жарым финалдык мелдешине кыргызстандык Мухаммад Равшанбек уулу өттү. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, 18-апрелде кыргыз мушкери индиялык боксчу менен беттешип, аны утуп алды. Ал эми жарым финалда Мухаммад Равшанбек уулу өзбекстандык спортчу менен таймашмакчы. Мындан сырткары дагы бир кыргызстандык боксчу Бекназар Жекшенов 18-апрелде Өзбекстандын мушкери менен беттешип, утулуп калды.