Мындан бир топ жыл мурун Англиянын Лондон шаарында жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы (World Federation of Democratic Youth, WFDY) түзүлөт. Андыктан ушул окуянын урматына бул күн майрамдардын катарына кошулуп, бүгүн, 10-ноябрда жер жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленүүдө.
Кыргыз жаштары коомдогу калктын басымдуу бөлүгүн түзүп, окууда, чыгармачылыкта жана башка түрдүү тармакта ийгилик жаратып, өлкөнүн атын чыгарып жүргөндөрү да аз эмес. Төмөнкү тест аркылуу чет өлкөлөрдө Кыргыз мамлекетинин намысын талашып, калың элге таанылган таланттуу кыргыз жана дүйнөдөгү жаштар жөнүндө канчалык маалыматка ээ экениңиз тууралуу билип алыңыз.