Бүгүн, 19-апрелде Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Адилет Ботоканов 7-орунду ээледи. Маалым болгондой, А.Ботоканов (60 килограмм) алгач Кин Тинга Ю (Гонконг) менен күч сынашып, жеңүүчү болду. Андан соң Вон Жин Ким (Түштүк Корея) жана Чаочао Чен (Кытай) менен беттешип, утулуп калды. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстандын намысын коргоп 11 спортчу катышып жатат. Спорттук иш-чара 21-апрелде соңуна чыкмакчы.