Кооптуу аймакта тазалыкты сүйгөн жаныбарларды аркандасаң да турбайт

Экологияга көзөмөл

Экологияга баары таасир этет. Үй куруп, жол салганда жердин өсүмдүк чыккан “жандуу” катмары талкаланат. Биз түшкөн унаа, завод-фабрикалардан чыккан түтүн канча. Өнүккөн өлкөлөрдө жоопкерчиликти таанып, келтирген зыяндын ордун толуктоо жана таасирди мүмкүн болушунча азайтууга иштешет. Чет элдик көндүмдөрдү колдонгондор бизде да бар. “Кумтөр Голд Компани” 2015-жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жылдык отчётун жарыялап, ачыктыкка даяр экенин көрсөттү. Экологияны коргоо иш-чараларына 6 миллион 800 миңден ашуун доллар: айлана-чөйрө мониторингине, суу, аба жана топурактан үлгү алып, агындыларды, чыгындыларды тазалоого, лабораториялык жана ири илимий изилдөөлөргө, көз карандысыз кеңешчилер менен кызматташууга жана жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө жумшалган. Айрымдарына токтолсок.

Аба сапаты тууралуу уктуңуз беле?

Барскоон капчыгайынан кенге кетчү технологиялык трассада унаалардын санын, түрүн, ылдамдыгын эсептөөчү радар жана 40 даана чаң өлчөөчү аспап аба сапатынын мониторингинде колдонулат. Кендин өзүндө жана алтын ылгоочу фабриканын өзүндө атайын чоң аспаптар турат. Кендеги аба адамга зыяндуу деңгээлге чейин эч качан булганбайт. Аны ишкана кызматкерлери, чет элдик инвестор жана кыргыз өкмөтү жакшы билишет. Кендеги аба сапаты кооптонууну жаратпаган соң, Барскоон технологиялык трассасындагы абанын сапаты, албетте, норма чегинде. 2015-жылы чаңдоонун деңгээли өкмөт бекиткен суткалык норма 100 мкг/м³дан ашкан эмес.

Суу канчалык таза болуш керек?

"Кумтөрдө" ичкен суу өлкө боюнча эң сапаттуу тазаланары белгилүү. Ал эми алтын ылгоодо пайдаланылган суунун сапатына өкмөт стандарттык чектерди бекитип, көзөмөлдөйт. Ага кошулуп эл аралык стандарттар да сакталат. Канчалык жакшы болсо да, көз карандысыз кеңешчилерден келген сунуштар кошо аткарылат. Андай аракеттердин бири - өндүрүштүк агындыларды тазалоодо дагы бир баскычтын кошулуусу. Ага ылайык, жаратылышка коё берерден мурда, ансыз да бардык талаптар боюнча тазаланган агындылар жасалма саздактарда тундурулат. Ыкманын толугу менен сүрөттөлүшү отчётто байма-бай жазылган. Бул жерде белгилей кетчү учур – экологияга таасир сөзсүз болот, бирок аны азайтууга дайым умтулуу шарт.

Таштандыларды кантип жөндөсө болот?

Адамзаттын турмушун таштандылар өмүр бою коштойт. Ири өндүрүштө анын көлөмү да ири. “Кумтөрдө” алар атайын жөнгө салынат. Баштапкыдай эле 2015-жылы да кен аймагындагы металл, жыгач, пластик жана колдонулган май сыяктуу өндүрүш калдыктары жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларга тапшырылган. Керектен чыккан шиналар, аккумуляторлор да 100 пайыз кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн. Ал тургай кеңселерде да кагаз өзүнчө, пластик өзүнчө сорттолуп ыргытылат.

Биоартүрдүүлүк менен алака кандай?

Учурда 260 чарчы чакырым аянтты ээлеген “Кумтөр” өндүрүш аймагын жаратылыш коругуна окшош десек жаңылбайбыз. Бул экологияга тийгизген таасирди төмөндөтүү боюнча жогоруда аталган иштердин жыйынтыгы. Мында жайылып жүргөн үйүр-үйүр аркарларды, кылт этип кырда чуркаган түлкүлөрдү жакындан көрүүгө мүмкүн. Кен ишке кирген 20 жыл аралыгында аймакта мылтык үнү жаңырбай, алардын саны да өсүүдө. Былтыр басымдуу бөлүгүн канаттуулар түзгөн 13 399 баш жандык катталганы отчётто айтылат. Аймакты байырлаган жандыктардын 17 түрү, келгин куштардын 76 жана сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү, ошондой эле таза сууда гана жашоочу балыктар аныкталган. Кызыл китепке кирген аркарлардан сырткары илбирстер да бар. Курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү программасында “Кумтөрдүн” экологдору Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен бирге быйыл август айында бир карышкырга радиокаргы тагышкан. GPS көрсөткөндөй, жырткыч аймактын чегинен алыс кеткен эмес. Мында ар бир жандык боюнча алынган бардык маалыматтар жана сүрөттөр катталат. Жырткычты атууга болбойт, бирок сактык амал катары добуш “үркүткүчтөр” колдонулат. Айрым “экологдор” айткандай, кен аймагында абал кооптуу болсо, тазалыкты сүйгөн жаныбарларды аркандап койсоң да турбайт эле.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 2015-жылдын отчёту тиешелүү мамлекеттик органдарда, китепканаларда, жана www.kumtor.kg сайтында эркин жеткиликтүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kroxa
2016-11-11 19:56:20
Ал тоодо жакшы а ошол кен казуудан калган отходдор ылдыйсууга сарыгып элге зыяны тийип жатканын
Эмне жазбайсынар???
+15
konurat.93
2016-11-11 23:53:33
kroxa сага кошулам тура соз
+7
Ibragimovich
2016-11-12 00:57:28
Албетте миллиарддаган пайда компанияга тушуп аткандан кийин,мындай тазалоочу аспаптар,колмолор эч нерсе эмес да.
+2
zarlyk2211
2016-11-12 03:05:39
Акыргы учурда кумтөр мактала баштады. Мактагандай эле болсун.
+2
antimafiya12345
2016-11-12 10:20:37
Барскоондун жолундагы чан баскан арчаларды коргондор болгон до бул жомокторго эч ким ишенмек эмес.
+8
arzuuu
2016-11-12 10:54:52
Админ неге толук версияда да обмен валют жок ???? Сонку кабарга элн жазып тургулачы.
+2
isabek1977
2016-11-12 11:06:19
Тоо текелер камалып турса керек.Суротко тарткандан кийин союп жеп коюшат.
+4
Kroxa
2016-11-12 11:33:16
isabek1977,туура айтасын коруктагылар деп коюп тоонун башы анан экологиясы таза болот да кайда качышат эле кайберендер...маселе жакада жашаган элдин суусунда...
+5
Gen_fanat
2016-11-12 11:41:12
Азыркы учурда кумтор иштеп жатабы
0
tynkatar03
2016-11-12 13:39:47
Эмне очуруп жатасынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан