2016-жылдын 18-ноябрында Herbalife компаниясынын “Формула №1 – протеиндүү коктейль” жана “Формула №3 – протеиндүү аралашма” продукциялары “Жылдын тандоосу” Эл аралык фестиваль-сынагынын “2016-жылдын Кыргызстандагы №1-салмакты түшүрүү жана көзөмөлдөө программасы” номинациясынын лауреаты болду. Муну менен компания Кыргызстанда биринчи жолу ушундай наам менен күбөлөндүрүлдү.
“Жылдын тандоосу” фестивалы эл аралык деңгээлде КМШ мамлекеттерине кирген Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Беларусь өлкөлөрүндө өткөрүлөт. “Жылдын тандоосу” фестиваль-сынагы Кыргызстандагы эң мыкты кызматтарды жана продукцияларды керектөөчүлөрдүн талаптарына жараша патенттелген изилдөөлөргө, эксперттердин берген бааларына жана товардын сапатына карап аныктайт.
Сынактын жыйынтыгы менен Herbalife компаниясынын “Протеиндүү коктейль – Формула №1” жана “Протеиндүү аралашма – Формула №3” продукциялары “2016-жылдын Кыргызстандагы №1-салмакты түшүрүү жана көзөмөлдөө программасы” номинациясынын лауреаты болуу менен Herbalife компаниясынын жөнөкөй жана натыйжалуу азыктануу концепциясын бекемдеди.
“Мындай сыйлыкка татуу – биз үчүн чоң сыймык. Биздин көз карандысыз өнөктөштөрүбүздүн жасаган иштеринин жардамы менен Кыргызстанда сергек жашоонун жана туура тамактануунун популярдуулугу өсүп жатат. Биз Herbalife компаниясынын продукцияларынын сапаты керектөөчүлөрдүн жогорку баасына татып жатканына абдан кубанычтабыз жана мындай баа берүү бизди мындан ары да өнүгүп-өсүүгө шыктандырат. Бизге ишенип, колдоп жана тандаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгилейт Казакстандагы Herbalife компаниясынын башкы директору Эльвира Болотова.
Кыргызстанда “Жылдын тандоосу-2016” фестивалынын лауреаттарын сыйлоо иш-чарасы 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү.