Таабалды Эгембердиев, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү: “Улуттук суусундуктун бардык түрүн чыгарсам дечүмүн, кыялым ишке ашты”

Ишти нөлдөн баштоо же жоктон бар кылуу - тобокелдикти жана эркти талап кылган кадам. Биздин каарманды да жоктон бар кылган эмгекчил деп мүнөздөсөк болот. Жаңыдан иш баштап жатканда капчыгында 4 кой, 2 эчкинин сатыгынан түшкөн гана акчасы болгонун айтат каарманыбыз. Ошого карабай, жаңыдан эгемендик алып, өз алдынча түтүн булата баштаган Кыргызстанда мурда болбогон бизнес түрүн баштап, аны бутуна тургузуп кете алды. “Ийгилик сырынын” бүгүнкү каарманы “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиев.

Туулган жылы, күнү – 1951-жыл, 14-январь

Туулган жери – Чүй облусу, Бухара айылы

Билими – Кыргыз техникалык университети

Үй-бүлөлүк абалы – Жубайы Жаңыл, 3 кыз, 3 уулдун атасы

“Иштин башы 2 казан максым...”

– Кичине кезибизде нан же эт жебей калган күндөр болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Талаада чөп чапканда болобу, мал кайтаргандабы, айтор, дайыма бир идишке максым куюп алып нан менен ичип жүрө берчүбүз. 1967-жылы айылдан шаарга келдим, көнгөн жаным аябай максым ичким келет, бирок жок. 2 келин “Орто-Сай” базарындагы даараткананын артында милиция кызматкерлеринен жашынып максым сатып жүргөнүн көрүп, “бардык суусундуктар ачык эле сатылып жатат, бирок максымга орун жок” деп ичтен аябай нааразы болгом. Кийин мен публицист болуп иштеп жүрдүм, тапкан акчам эч нерсеге жетпейт, ачка калган күндөрүбүз болду. Анан улуттук суусундукту эркин сата албаганыбызга ичтен сызып жүргөндүктөн, 1992-жылы максымды кантип жасап, ачык сатып баштоо керектиги тууралуу иликтей баштадым. Көрсө, ал үчүн таза жай, уруксат кагазы болуш керек экен. Ошондон соң өзүм иштеген жердин ашканасын актап, сырдап, санитардык эпидемологиялык станциянын кызматкерлерине көргөзүп уруксат кагазын алдык. Уруксат кагазды чөнтөккө салып коюп, баягы жерди кулпу менен бекитип, апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. “Ой, эмне болду?” десем “сатып бүттүк баарын” дешет. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти.

5 тонна максым жасоо үчүн 30 адам иштечү”

– Башында максымды өтө арзан сата бериптирбиз, баасын көтөргөнгө акылыбыз жетпептир. Бизнес деген түшүнүк жок да. Түшкө жетип-жетпей максым түгөнөт. 30 чакты киши күнү-түнү тынбай иштеп 5 тонна максымды араң жасачу. Иним Жумадыл күнүнө 2-3 эле саат уктачу. Азыр анча көлөмдөгү максымды 1-2 эле киши жасап коёт.

“Ушуну менен кантип өнүкмөк элең” деп мени шылдыңдашчу"

- КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеп жүргөн учурум... Жыргаган айлыгыбыз деле жок. Бир күнү бизнес тууралуу сөз боло калганда “мен максым жасап сатам” десем демократ досторум шылдыңдап күлүп калышты, “ушуну менен кантип өнүкмөк элең” дешип. Алар менин чаначтан максым куюп көчөдө отурганымды элестетип жатышты окшойт. Ал эле эмес, айылдагы туугандарым да менин максым сатып калганымдан уялып, анча-мынча учурларда сөзгө сынып жүрүшкөнүн кийин уктум. Алардан айырмаланып, иним экөөбүз максымдын келечегине толук ишенчүбүз.

Иним “бизнеске өт же саясатчы бол” деген”

- Ал учурда бизнес менен саясатты чогуу алып жүрүү өтө опурталдуу иш болчу. Бийлик тараптан мага кысым болуп, 6 ай бою текшерүү келип, абдан жүдөттү. Ошондон кийин бир күнү иним келиптир, “сен же бизнеске өт, же саясатчы бол. Ишкананы мен жетектеп жатам, камаса биринчи мени камайт” деп. Ошондон кийин публицист катары макала жазганды токтоттум. Бизнеске толук өттүм. Чыгармачыл адам экенмин, башкаруу маселесине такыр эле кызыкпайм. Ошон үчүн инженерлик билимиме таянып максым жасоонун жаңы, оңой технологиясын жасап чыктым. Азыр талканды гана кол менен салганы болбосо, калган жумуш кнопканы басып, кранды ачып-жабуу менен бүтөт.

“Улуттук суусундуктун бардык түрүн чыгарабыз” деген тилегибизге жеттик”

- Ишти өнүктүрүү үчүн банктан 4 миллион рубль насыя алдым. Банктын төрагасы “20 миллион рубль берем” деп калды, иниме айтсам “сени элге төбөсү көрүнүп калган киши дейт, кокус төлөй албай калсак уят болосуң” деди. Ошентип, 4 миллион рубль насыя менен эле токтолдук. Балким, 20 миллионду алып алганда, максымды таштап соодага өтүп кетмекпиз. Адам бир максатты көздөгөн соң анын аягына чыгыш керек. “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калыптыр” дейт го. Анын үстүнө менин максатым акча табуу гана эмес болчу. Максым - кыргыздын улуттук суусундугу, улуттук тамактарды өзүбүз барктабасак ким баалайт? Иним экөөбүз отуруп алып “кыргыздын суусундуктарын, тамак-ашын бүт чыгарабыз” деп кыялданчубуз, Кудайга шүгүр, суусундуктун бардык түрүн чыгарганга жетиштик.

“Өзгөчө идея мага окшогон келесоолорго гана келет”

- Улуттук суусундуктан башка жөнөкөй суу чыгарарда көптөгөн китептерди окуп чыктым. Карап көрсөм, суу тазалаган жабдык суу куйган жабдыктан 3 эсе кымбат экен. Бир китепте “эң таза суу булактын гана суусу, бирок ал жаз жана күз мезгилинде булганып турат” деп жазылыптыр. Анан түз жерде сөзсүз булганат, ал эми тоо-ташта кантип булганат, бул таза сууну эмнеге кайрадан тазалаш керек деп ойлондум. Мындай ой кыргызга, анын ичинде мага окшогон келесоолорго гана келет. Себеби европалыктар, акчасы көптөр технологияга гана ишенет. Ошентип, биринчи эксперимент жасадым. Бир булак таап, андан 50 бөтөлкөгө суу куйдум. Дагы 50 бөтөлкөгө крандан алынган сууну куйдум. Бир апта өткөн соң крандан куйган суу жыттанып кетти. Булактын суусу 5 ай өтсө деле эч нерсе болгон жок. Анан “аа, өлдү” дедим да, 150 миң долларга жарым автоматтык жабдык сатып алып, суу куя баштадык. 3 жыл өтпөй суу бизнесинде алдыга чыктык, бизден элүү эсе көп акча коротуп суу бизнесин баштагандар банкрот болуп калышты. Себеби алар алган кымбат технологиясына таянып короосундагы скважинанын суусун тазалап куя башташты. Биз болсо мөңгүдөн чыккан сууну тазалабай эле куюп жаттык. Ичкен эл суунун кандай машинада куюлганына эмес, даамына карап баалайт экен. Мен Чүй облусундагы булактын баарын текшерип жүрүп, талапка жооп берген, жомоктогудай таза булакты кокустан таап алгам.

“Той берсем досторумду чакырбайм”

- Азыркы “Супара” комплекси жайгашкан жер мурда эч ким албай койгон саздак жер болчу. Бака менен жыландан башка эч нерсе жок эле. Алгач бул аймакты өзүмө үй салайын деп сатып алгам. Анан кайра ойлонуп, “ушундай жерде жалгыз жашагыча элиме бир пайдасы тие турган жай курайын” дедим. Кудайга шүгүр, бул жерди оңдоп-түздөп, бак-дарак тигип, жакшынакай жайга айлантып койдум. Боз үй, таш үй кыргыздын канына сиңип калган да. Кыргыздын каада-салтын, жашоо-турмушун унутта калтырбай, өнүктүрөйүн деген максатта ушул борборду курдум. Иштегенди жакшы көрөм, мына азыр деле капкара болуп жер казып иштеп жүрбөймбү. Бош убактым жок, иштөө мен үчүн жыргал. Журналисттер интервьюга, достор тойлорго көп чакырат, а менин баргым келбейт. Анткени убакыт аз. Той берсем, бир да досумду чакырбайм, тууган уруктун арасында гана чакан той өткөрүп коём. Себеби досторумдун убактысын алгым келбейт. Мени чакыргандар көп. Убактың барбы-жокпу, аны менен алардын иши жок. Тойго барып 8 саат отурасың, ал убакытты кийин эч ким кайтарып бербейт. Ансыз деле адамга аз эле өмүр берилген, бул аралыкта бир нерсе жасап үлгүрүү зарыл.

“Келечектеги пландарым...."

– Чыгармачыл адам катары көп ойлоном. Андай адамда сөзсүз бир идея жаралбай койбойт. Жашоодо эч ким жасай элек нерсени жасагым келет, ал оюмду менин жасаган иштерим далилдей алат болуш керек. Келечекти айтсам, план толтура, кендирди кескен баягы эле акча маселеси. Учурда туризмди, өзгөчө жайлоо туризмин өнүктүрө турган бир түшкө кирбеген долбоордун үстүндө иштеп жатам. Анын келечегине да толук ишенем.

“Менин ийгилигимдин сыры...”

– Ийгиликке жетүү үчүн адам алдына максат коюшу керек. Максаты жок жашоо жашоо эмес, ал жөн гана “качан өлөм?” деп күн өткөрүп кыйналуу. Адам абдан өжөр жана чыдамкай болушу да маанилүү. Дагы бир маанилүү нерсе – пайдасыз нерселерге кетирген чыгымды азайтуу. Бир күндө байып кетем деген туура эмес, бирөөгө эмес, адам өзүнө гана ишенип, алдыга умтулушу зарыл. Азыркы жаштар иш баштоо үчүн акча керек дейт, акча, байлык ошол билимде жатат. Билимди сенден эч ким уурдап же тартып ала албайт, ал түбөлүктүү байлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
baky-baku
2013-07-29 18:54:05
Оркундой берин
0
elmira.kg
2014-01-22 22:30:26
керемет.коп жашаныз.
0
arisbekov
2014-02-14 18:39:10
Ишинизге ийгилик Табылды байке
0
lusi2013
2014-02-19 15:12:23
Эл учун иштеген адам эч качан бийликке келбейт,элге кызмат кылат
0
lusi2013
2014-02-19 15:14:50
Табылды байке гастрит болгом дейт го,сыягы шородон болгон болуш керек)))))
0
Manap_kg
2014-02-22 21:09:55
Кенештериниз учун чон рахмат! эске тутуп журом
0
t1lekbekov
2014-03-13 20:51:40
Азаматсыз! Шоронун баардык ичимдиктерин баалайм жана жакшы кором,бирок Бозодон башкасын-ушуну чыгарбай эле койсоздор вообще сонун болчудай.
0
age88
2014-04-15 02:49:34
Табылды байке сиз менен кантип байланышса болот.Менде биз аз пландар бар эле мумкун сизге жагаттыр менин электрондук почтам Nur_81_77@mail.ru эгер окуп калсаныз байланышаарсыз. ишинизге ийгилик байке
0
nursyi
2014-05-01 10:35:22
жасаган эмгектериниздин убайын корунуз!
0
maugli
2014-05-14 19:23:15
Tabyldy baike sizdin woro kompanianyzga kantip jumuwka kirse bolot?)
0
nurkasym-2014
2014-05-22 09:50:01
Эн негизгиси озубуздун улуттук нукура суусундуктарыбызды ичип атабыз.Экинчиден таза продукция.Анан Табылды байкенин эмгеги.Канча кишини жумуш м-н камсыз болгон.Кыскасы байкеге ден-соолук узун омур.
0
insap
2014-07-13 09:21:05
Chynygy oilorman jana ixterman adam eken.
0
salamalik93
2015-05-06 00:35:51
Алысты коро билген копту коргон, акылман киши экенсиз Кудайым ниеттеринизди ишке ашырганга жардам кыла корсун. Ниеетинизге жетиниз.
0
kama_future_millioner
2015-05-18 15:42:36
Ээхх кандай гана адам эле жаткан жериңиз болсун
0
Aipri
2015-05-18 16:55:56
Жаткан жериниз жайлуу болсун. Кыргыздар Сиздей адамды эч убакта унутпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан