Кыргызстандагы "Жыл тандоосу" Эл аралык сынак-фестивалынын жыйынтыгында MegaCom
№1-мобилдик оператор болуп табылды. Бизнес-элиталарга сыйлык тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өттү.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, алар 15 жылдан ашык убакыттан бери жылдын эң мыкты товарлары менен кызматтарын тандап келишет. Алардын пикиринде, жылдан-жылга продукциялардын сапаттары өсүп, атаандаштык күчөп келүүдө. Айрыкча быйыл атаандаштык катуу болгондугу сезилди. Катышуучулардын жыйынтык баалары көп деле айырмаланган жок.
"Бул таң каларлык эмес, анткени кызмат көрсөтүүнүн деңгээли, сапаты күндөн-күнгө өсүп жатат. Ар бир номинация боюнча керектөөчүлөрдүн, эксперттик кеңештин жана жогорку калыстар тобунун комплекстүү добуш берүүлөрүндө эң көп упай топтогондор жеңүүчү аталышты", - дейт уюштуруучулар.
Сурамжылоону “Эл-Пикир” коомдук пикирди иликтөөчү борбору жүргүзсө, ал эми сурамжылоонун жыйынтыгы “Кыргызаудит” аудитордук-консалтингдик ишканасы тарабынан текшерилди.
"MegaCom`дун бардык абоненттерин жалпы жеңишибиз менен куттуктайм, алардын берген жогорку баасына жана көрсөткөн ишенимине ыраазычылык билдирем! Биз жаңы тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгууда абоненттерибиздин каалоолорун дайыма эске алабыз, биз үчүн сиздердин пикириңиздер маанилүү. Дайыма тейлөө сапатын төмөндөтпөй, жогору кармоого аракет кылабыз. Ал эми бул жеңиш компанияны мындан ары дагы талбай эмгектенип, дагы жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат”, - деди MegaCom компаниясынын коммерциялык жетекчиси Нурбек Ишекеев.
Белгилей кетсек, MegaCom бүгүнкү күндө өлкө боюнча дайыма инновациялык мобилдик кызматтарды киргизип жаткан лидер болуп саналат. Өлкөнүн эң алдынкы бизнес-түзүмдөрү ыңгайлуу жана пайдалуу байланыш үчүн MegaCom`ду тандагандыгы буга далил. Өнүгүү жолунда келе жаткан компания 10 жылдан бери ардагерлерге, балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүп, спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Телекоммуникациялык тармак боюнча эң көп салык төлөөчүлөрдүн көч башында келе жаткан мобилдик оператор Кыргыз Республикасындагы жумуш менен камсыз кылуучу эң ири компаниялардын да бири болуп саналат десек жаңылышпайбыз.