Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында экономиканын өсүшү 2016-жылы 3,5 пайызды түзөрү күтүлгөн. Бирок акыркы эсептөөлөр боюнча ал 2,2 пайыздан ашпайт. Ал эми Улуттук статистика комитети түз инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе азайганын (январь-март) жарыялаган. Ошол эле учурда Эл аралык финансы корпорациясынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы инвесторлордун үчтөн бири бизнеске салымын мамлекеттик органдардын аракетинин айынан мурдагы деңгээлде сактай алган жок.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев: “Биздин өкмөттүн курамындагы структуралардын аракетинде бирдиктүү, так башкаруу жок. Ири инвесторлор келгенде да биздин мамлекеттик ишмерлер, жетекчилер менен жолугуп, сүйлөшүп кетишет. Чечимдер кабыл алынат. Эмкиде кайра келгенде жаңы адамдар менен, кайра башынан таанышып, ишти кайра баштоого мажбур. Ишеним жоголууда”, - деген ойдо.
Ишкерлер экономика суроолорун саясаттан тышкары, жең ичинен көмүскөдө эмес, ишкерлерче чечүү керек деп келишет. Бирок бизнестин чыныгы көйгөйлөрү чечилбей келет. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Кубанычбек Идинов: "Систем эки элемент - экономика жана саясаттан турат. Экономика - бул негиз жана пайдубал. Ал эми саясат - анын курулмасы. Саясат толугу менен экономика абалынан көз каранды, бирок ошол эле учурда саясат экономикага салыштырмалуу алдынкы орунга озуп кетүүдө", - дейт.
Саясий күрөштө "Кумтөр" маселеси өзгөчө орунда. Анын айынан канча өкмөт башчы креслодон ыргыды. Бирок эң ири инвестициялар дал ошол тоо-кен өндүрүшү аркылуу мүмкүн.
Чет элдик инвесторлордун жолун бууган себептер:
Бизнеске тынч иштөөгө шарты бар өлкөлөр Кыргызстан менен окшош абалдан тез эле көтөрүлүп кетерин КМШ өлкөлөрүнүн мисалында көрө алабыз. Бизде болсо сүйлөшүүлөрдөн ары иш козголо элек.