ТЕСТ: "Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Бүгүн, 12-декабрь - улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Айтматовдун чыгармаларын окубаган кыргыз аз болсо керек. Ошентсе да интернет заманында китеп окулбай калганы, жаштар көркөм адабияттан алыстап баратканы айтылып жүрөт. Китептин ордун компьютер, планшет, смартфондор алмаштырды. Бирок бул - кыргыз адабиятынан такыр кабарсыз калууга мүмкүн дегендик эмес. Дүйнө жүзү суктанып окуган Айтматовдун роман, повесттерин сиз канчалык билесиз? 15 суроо чамаңызды сынайт.