Үйдөн чыкпай эле АКШда ири бизнес баштоо мүмкүнчүлүгү жаралды (маек)

Учурда интернет өнүккөн заман, андыктан бардык нерсени тез ылдамдыкта жасоого мүмкүн болуп калды. Жадакалса эми Кыргыз жеринде туруп Америка Кошмо Штаттарында ишкердик менен алектенүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Кантип дейсизби, бул тууралуу үйдөн чыкпай аталган өлкөдөгү Amazon сайтында ири бизнес башташкан Аскар Камчыбек уулу менен Мухитдин Алымсеитов кантип бизнес ачуу, аны жакындан таанып-билүү, үйрөнүү жолдору тууралуу SUPER.KG`ге баяндашат.

Аскар Камчыбек уулу менен Мухитдин Алымсеитов 7-декабрда Бишкекте чет өлкөдө ири бизнес баштоо боюнча акысыз тренинг өткөрүшкөн. Ага өз ишин баштоону каалаган 200гө жакын жаштар катышып, өздөрүн кызыктырган түрдүү суроолорго жооп алышты. Эми ушундай эле акысыз тренинг 17-декабрда Ош шаарындагы "Classic" мейманканасында өтөт.

Аскар Камчыбек уулу менен Мухитдин Алымсеитов Amazon`до бизнес ачуу, үйрөнүү жолдору тууралуу акысыз тренингдерди өткөрүп келишет.

- Америкада интернетте бизнес баштаган алгачкы кыргыз жигиттери катары айтсаңыздар, Amazon`до кантип бизнес баштоого болот жана бул эмне деген сайт?

Аскар: - Биз өзүбүз Amazon`до бизнес жүргүзөбүз. Amazon.com – бул соода-сатык иштери жүргөн Америкадагы эӊ чоӊ интернет-аянт. Биз бир гана америкалык кардарлар менен иштешебиз, тагыраагы, товарларды четтен алып кирбейбиз, чыгарып кетпейбиз дагы. Окурмандарга түшүнүктүү болуу үчүн айта кетсек, Amazon.com`ду биздеги "Дордой" базары менен салыштырса болот, өзгөчөлүгү ал онлайн режимде иштейт. "Дордойдогудай" эле интернет-аянттан контейнер алып, катталат да, өз баракчасын ачып, ал жакка товарларын жүктөйт. Кадимки эле соода жүргүзүү үчүн.

Солдон оӊго: Мухитдин Алымсеитов, Аскар Камчыбек уулу

- Товарлар кантип тандалып алынат, эмнелерди сатууга болот?

Мухитдин: - Товарлар сезонго, суроо-талапка жараша тандалат. Алгач базарга анализ жүргүзүлүп, андан соӊ тандалып алынат. Биз Американын аймагындагы Аляска менен Гавайиден башка бардык аймактарда иштейбиз, себеби ал жактарга товарды жеткирүү кыйын.

Товарды жеткирип берүүчүлөрдү башка сайттардан карап, алардын деӊгээлин, элдин пикирин угуп көргөн соӊ товар тууралуу маалымат алабыз. Алсак, алардан 20 долларга товар алсак, аны Amazon`го 50 долларга сатууга коёбуз. Сатуудан түшкөн акчанын 15 пайызы сайттын өзүнө кетет, калган таза киреше сатуучуга түшөт.

Аскар: - Бул дропшип (Dropship) - түз жеткирүү деп аталат. Бул систем кандай иштейт? Биз жеткирип берүүчү адамды табабыз, кардар ала турган товардын акчасын толугу менен биздин аккаунтка киргизет, андан соӊ гана товарды дүӊ баасында сатып алып, аны кардарга жиберебиз. Эч кандай каржылык тобокелдикке барбайбыз. Акчаны төлөөдө PayPal кызматы колдонулат. Бул кардарга да, сатуучуга да толук ишенимдүү кепилдик берет. Биз өзүбүздүн дүкөнгө каалаган өлчөмдөгү товарды киргизсек болот. Күн сайын Amazon.com` го 5-6 миллиондой сатып алуучу кирет.

- Каалоочулар Amazon.com`до кантип бизнес баштай алышат?

Мухитдин: - Бул сайтта тартип катуу сакталат. Ага катталса эле болду, соода башталат деген туура эмес. Бардык соодагерлер атайын талаптарга жооп берүүсү шарт. Эгерде эрежелер так сактабаса, сайт сиздин ишмердигиңизди жаап салат. Андыктан заманбап жашоодо биздин мекендештер да Америкада бизнес баштоосу үчүн атайын курстарды өтүүнү чечтик. Биз ката кылбоого, аз сандагы сумма менен ири бизнес баштоого үйрөтөбүз.

- Окуу курстарына кандай адамдар келиши керек?

Аскар: - Иштөөнү, көп акча табууну каалаган адам болушу керек. Дароо айтабыз, жалкоолор жарабайт. Amazon.com`до бизнес кылуу үчүн англис тилин билүүнүн артыкчылыгы бар, бирок шарт эмес. Баары адамдын өзүнөн көз каранды. Эгерде биздин курстардан өткөн адам 2 ай ичинде акча иштеп таба албаса, анда биз курска төлөнгөн акчанын баарын кайтарып беребиз. Бул биздин кардарларга берген кепилдигибиз.

Долбоор тууралуу маалыматты Facebook`тагы бул баракчадан алсаңыздар болот. Ал эми Инстаграмдагы дареги мында.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
anonymous
2016-12-09 19:45:38
2 айдан кийин булар Америкада болот курстун акчасын жееп сен бишкекте кала бересиң муштумуңду түйүп
+5
kub_u3_kgstana
2016-12-09 20:07:25
Саламатсыздарбы! качан Нарын шаарына келип курс отосуздор? мен ушундай нерсеге абдан кызыгып коп жерди сузгулоп кордум бирок жол корсоткон бироо болбосо болбойт экен!
0
kub_u3_kgstana
2016-12-09 20:11:23
YНе кыласынар кыргыз элим анча башынарды оорутуп жакпайбы чыгып кете бергиле да! Мындай нерселер менен коп киши алектенет азыр уйдо отуруп деле акча тапсан болот! аны тушунгону бар тушунбогону бар!
-5
muslima-0788
2016-12-09 20:20:42
Менин бир тууган акам ушул сайттан пайда таап атат иштеп. эми эле баштады 2 ай бололек. 600-700$ пайда калды деп атат го. ал акчаны алып иштетип да атат.
+4
Bakyt813
2016-12-09 21:22:23
Бул сетевой маркетинг,пирамида сыяктуу!Эгер жумуш жакшы болсо башкаларга уйротмок эмес.
+1
alisher88
2016-12-10 00:09:36
Оштогу тренингге кимге кайрылып жазылабыз. Жазылуу учун тел номерини жазып калтырыныздарчы
-1
Freedom07
2016-12-10 00:18:00
Сонун го
+1
Neizvestno777
2016-12-10 00:46:26
Жакшы жомок экен
0
magnat1013
2016-12-10 02:33:47
Үйдөн чыкпай эле АКШда ири бизнес баштоо мүмкүнчүлүгү жаралды (маек), темага мен кошулам, жогорудагы комментарийлерди окуп кулкум келди, эмнеге кыргыз эли карангыбыз, кара жумушта иштеп же бироонун колунда иштеп ким байыды, же ким озу учун жашай алды, Москвада Орифлейм компаниясында кыргыздар озубуздун келечегибизди куруп жатабыз, бул дагы сетевой маркетинг, Кыргызстанда да командаларыбыз иштеп жатат, 1000000р 6 айда жок дегенде тушот, келечегинерди ойлосонор кучтуу компанияны таап иштесенер
+1
butun.kg
2016-12-10 10:50:54
Qnet мн Emvey менен иштеген тааныштар коп 2006 дан бери иштешет. Бироосу эн эрте кирип артынан миндеген киши киргизиптир миллион эмес мин$ да жок. Ал эми эмвейде иштегендер карыз сурашып журушот. Витамини 1000 рубль апендилер ичип журот. Мен айтмакмын кыргыз элим жакшы нерсени бироо корсотпойт. Ошол балдар бекер эле уйротушмок бай болушканда.
+3
pepew95.
2016-12-10 02:50:49
Эгер Аскар менен Мухитдин кыйратып акча таап бизнеси жакшы журуп жактан болгондо минтип Курстарды оздорунчо акча табыш откормок эмес.Демек ал жакта бизнеси журбой жатат ошонучун Курс откору бизнеси башташканго.
+2
magnat1013
2016-12-10 02:54:39
pepew95., бул тренинг бекер болсо залга ким акча толойт, организаторлорго ким акча толойт, ораторлук колунардан келеби откуло силер да, же бизнес жонундо тушунук болсо, кыргыздар жук ташып, пол жууганды жакшы корушот, ошон учун онукпой айлыгы айлыкка жетпей кара кулсактарын тойгуза албай интернеттен кыйын болуп коюшат
-5
magnat1013
2016-12-10 02:50:55
окунбойсунор, Кыргызстанда сетевой компания ото коп, карапайым эл тушунбой эле акчасын жедирип алданып калып жатат.Аскар Камчыбек уулу менен Мухитдин Алымсеитовдор азаматтар экен, элге маалымат жеткирип. Эгерде Кыргызстанда интернет начал болгон соцтармактарга эч ким кире алмак эмес, ар кимдин страницаларына навигатор болуп кирип класс баскандын ордуна жашоого пайдалуу нерселерди уйронсонор демекчимин
-3
muzibrat93
2016-12-10 08:00:54
Жарат десе эле жара бересинер сетевой маркетинг бул куйругун узун болушу керек же сен бироонун куйругу болушун керек деген эле соз,,, Бул жигиттер ( однорозавый ) Бизнесмен ондулор окшойт булар ал сайтты ачпай эле типа модераторлук эле жумуш кылат да бул жактан кенкейип калганын кара.. Бизнесинер шумдук болуп атса эмнеге бул жакта журосунор ХХХ
+2
Aroiz
2016-12-12 02:09:59
ХХХ система ишениш кыйын
0
akimello
2016-12-12 02:17:12
bundai professorlor kop.ex kyrgyzym peshene terin menen tapkan akchanardy kachankyga cheyin aldata beret ekensiner.meili ekony millioner kylyp jonotkylo kaira amerikaga
0
Bubu88
2016-12-12 05:00:53
Эгер байыгын келсе эң биринчи кезекте психологияны ондо кыялдан оку изден аракет кыл алдына бир максат кой дагы ошого аракет кылып умтул анан эч качан бир демени баштадынбы коркпо кетенчиктебе бирөөдон жардам кутпо бир гана өзүнүн акылына анан күчүнө ишен эч кимди укпа жасаган нерсен болбой калдыбы кайра кайра аракет кылып жасап кор мына ошондо гана сен ийгилике жетишесин ар кимдин оозун карап ишин аңдып отура берсең анда сени бир гана убакыт утат ийгилик эмес баарыңарга ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан