Өлкө башчылары президент Алмазбек Атамбаевди Айт майрамы менен куттукташты

Бүгүн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: "Казак элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди ыйык Курман айт майрамыңыз менен куттуктайм! Сизге ден соолук, бакыт жана кыргыз элине өнүгүп-өсүү каалайм. Бул майрам бардык мусулмандардын эл арасындагы достук мамилесин бекемдеп, бардык үйгө береке алып келсин",- деп жазылат. Жакшы тилек каалап, куттуктоо жөнөткөндөрдүн катарында Өзбекстан президенти Ислам Каримов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан