Кумтөрдөгү биоартүрдүүлүк

Кен кандай аймакта жайгашат?

Тянь-Шань өзүнө ак илбирс жана аркар сыяктуу сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрдү камтыган бай жана уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүккө ээ аймак катары белгилүү. Кыргыз өкмөтү ишканага концессиялык аймакты бергенден кийин, 1995-жылдан баштап «Кумтөрдүн» кайтарылуучу концессиялык аянтына чектешкен Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругун түзгөн. Сарычат-Ээрташ - БУУнун эгидасы астында 2001-жылы уюштурулган Ысык-Көл биосфералык территориясынын курамына кирүүчү коруктардын бири. Бирок облуста аңчылык чарбалары, ошондой эле мал өстүрүүчү жана жаюучу чарбалар да арбын.

Адамдын таасири

Өндүрүш курчап турган чөйрөгө таасир тийгизет. Анткен менен кен өндүрүү башталгандан кийин да өсүмдүктөр жана айбанаттардын саны олуттуу өскөн. Көбүнчөсү бул бүтүндөй «Кумтөр» концессиялык аянты боюнча аңчылыкка тыюу салуудан, ошондой эле кен ишканасына чектеш аймакта мал жаюунун олуттуу кыскаруусунан улам саны арткан. Бирок аңчылык, браконьерчилик, жайыттарга ашыкча мал жайылуусу, айыл чарба жерлерин ашкере пайдалануу жана алар менен күрөшүүнүн институционалдык каражаттарынын жетишсиздиги - жалпы Тянь-Шанда биоартүрдүүлүктү арттыруудагы башкы коркунучтар.

Биздин милдеттенмелер

«Кумтөр» кенин ачык ыкма менен иштеткен үчүн жергиликтүү айлана-чөйрөгө аргасыз таасирин тийгизет. Компания эксплуатациялык мөөнөттөгү таасирин толук түшүнүү, табигый биоартүрдүүлүктү изилдөө жана кенди иштетүү убагында тийгизген терс таасирин төмөндөтүүнү моюнга алып, кызыкдар тараптар жана өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат. Ийгиликтин чечүүчү фактору - жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык өнөктөштөр менен кеңешүүдө жана чогуу иштешүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери күнүгө кен аймагын айланып, андагы айбанаттарды жана куштарды каттап турушат. Аңчылыкты тыюу саясаты кен ишканасында дале күчүндө жана браконьерлерге бөгөт коёт. Коңшулаш Сарычат-Ээрташ коругундагы аркарлардын саны 750дөн 2500гө жетип, Кыргызстандагы эң чоң популяцияны түзөт. Тоо текенин саны 750-850 баш чамасында. Корук жана анын айланасындагы ак илбирстин саны 18ге чейин көбөйгөнүн изилдөөлөр тастыктайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidai5555
2016-12-13 10:42:00
Биринчи суроттогу эмне деген жаныбар, бизден корбоптурмун (билбейт экенмин). Суур эмес, тулку эмес, эмне болду экен?
0
Luchik81
2016-12-13 11:04:39
Aidai5555,
суусар болуш керек. орусчасы куница. гуглдан карасам, фотосу ушундай экен. сейрек жаныбарларга кирет экен.
-1
Aidai5555
2016-12-13 13:38:27
Luchik81, рахмаат, суусар болсо, анда бизде бар деп ойлойм. Илгертеден ата-бабалар суусар тебетей кийип келишкен эмеспи. Ушуну угуп, билип журсом да, суусардын кандай болорун билбептирмин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан