Курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү программасынын алкагында “Кумтөрдүн” экологдору Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен бирге быйыл август айында бир карышкырга радиокаргы тагышкан. GPS көрсөткөндөй, жырткыч аймактын чегинен алыс кеткен эмес. Мында ар бир жандык боюнча алынган бардык маалыматтар жана сүрөттөр катталат.