Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун куралдуу кол салуудан улам курман болгондугуна байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
"Орусиянын элчиси Андрей Карловдун кыянаттык жана зөөкүрдүк менен куралдуу кол салуудан улам курман болгондугу тууралуу кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы мамлекеттин расмий өкүлүнө карата жасалган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Бул кылмыштын тез арада иликтенип жана күнөөкөрлөрдүн жазаланашы зарыл деп эсептейм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев Андрей Карловдун үй-бүлөсүнө жана жалпы Орусия элине көңүл айтты.