“Кумтөрдүн” кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бɵлүмүнүн палаталарындагы оңдоо иштерин каржылашты

«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери дайыма кайрымдуулук максатында каражаттарды чогултушат. Бул жолу бүтүндөй компания боюнча каражат чогултуу «Кумтөрдүн» медициналык бөлүмүнүн демилгеси боюнча Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун Кыргызстандагы жалгыз күйүк бөлүмүнө жардам берүү үчүн уюштурулду. Акцияга компаниянын 40тан ашуун кызматкери катышты, алар 107 миң сом, 900 доллар жана 250 евро чогултушту.

Чогултулган каражаттарды БТжОИИБдин күйүк бөлүмүнүн интенсивдүү терапиясынын балдар палатасынын оңдоп-түзөө иштерине жумшоо чечимине келишти. Анда линолеум төшөлүп, жаңы эшик-терезелер, раковина, «кыш-жай» кондиционери, кварц лампалары, шыптык плафондор, электр розеткалары коюлуп, дубалдары жана шыбы сырдалды. Иштин жүрүшүндө дагы эки палатада линолеум алмашылып, бир палатага жаңы сантехника орнотулду. Демилгечилердин бири Калыс Жумабаева жардам көрсөтүү процессине толук жоопкер болду.

Күйүк бөлүмүнүн жетекчиси Кандөөлөт Сарбанова бөлүмдүн бардык пациенттеринин, дарыгерлеринин жана кызматкерлеринин атынан «Кумтөрдүн» өкүлдөрүнө чоң ыраазычылык билдирди. «Өтө бардар адамдар да ооруканаларды сейрек колдошот. Биз «Кумтөрдүн» кызматкерлерине демөөрчүлүк жардамы үчүн аябай ыраазыбыз», - дейт ал.

Кичинекей пациенттердин биринин атасы Мээримбек Сатывалдиев интенсивдүү терапия палатасын оңдоого чейинки жана андан кийинки абалын көрүп, компаниянын кызматкерлеринин мээримдүүлүгүнө таң калды. «Биз бир жарым айдан бери ооруканада жатабыз, ошондуктан ремонтко чейин терезелерден соккон шамалды, раковиналардын кейиштүү абалын көргөнбүз. Оңдолгондон кийин алда канча жылуу жана жайлуу болуп калды. Бул абдан маанилүү, анткени балдар палатада кийинип жүрө алышпайт. Биз дарылануубуз ыңгайлуу шарттарда болуп калганы үчүн мээримдүү адамдарга терең ыраазыбыз», - деди ал.

Бул кайрымдуулук акциясына катышкандардын баарына алкыш!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirzohidjon
2016-12-23 21:09:41
Президенттикке коюң акаа мен сизди шайлайм акааа
0
Bolunbo.kyrgyz
2016-12-23 21:55:07
Эххх тоолорду томкоруп баарын талкалап эми алтыны тугонойун дегенде 1х2 сом жардам бердик деп алдап кетесинерби мейли эми ушунусуна да шугур жардам беришиптир рахмат дейли
0
surgeon777
2016-12-25 15:12:16
Кум-Торго нааразы болсонор компаниянын озуно,ага уруксат берген мурдагы бийликке нааразы болгула,ал эми анда иштеген кызматкерлерде не куноо?Алар да болгон жумушта иштеп,уй-булосун багышып,башка адамдарга жардам берип жатышат!Рахмат силерге...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан