“Булак” ден соолукту чыңдоо борбору – сергек жашоонун кепилдиги

"Булак" ден соолукту чыңдоо борбору бейтаптарга төмөнкүдөй дарылоонун түрлөрүн сунуштайт: нервдерге ийне сайып дарылоо терапиясы (иглорефлексотерапия), омуртка тутумдарынын функциясын аппарат менен калыбына келтирүү жана таяныч, кыймыл-аракет системдерин машыгуучу жабдыктардын жардамы менен калыпка салуу, сүлүк менен дарылоо (гирудотерапия), кол менен укалап дарылоо (мануальная терапия), пластырь чаптап дарылоо (кинезиолечение) жана калыбына келтирүүчү гимнастика, висцералдык дарылоо (ички органдарга массаж жасоо), дарылоочу жана калыпка келтирүүчү дене тарбия, лимфодренаж жана массаждын 10 түрү, хижама жана канды тазалоонун башка жолдору, нур жана жарыкка кактап дарылоо (физиотерапия, лазеротерапия), белгилүү чекиттерди укалоо менен дарылоо (суджок, шиацу), аарыга чактырып жана аары багуучулукта өндүрүлгөн азыктардын жардамы менен дарылоо (апитерапия), организмдеги ар түрдүү суюктуктарды тең салмакта кармоо үчүн тамырга жана теринин алдына дары сайып дарылоо жана тамырдан алган канды кайра куюп дарылоо (аутогемотерапия), табигый азыктарды колдонуу жана чөп дарылар менен дарылоо, медициналык адистердин кеңештери: чыгыш медицинасы, терапевт, кан тамырлар хирургу, невропатолог, фармацевт жана башкалар, тамырдын согушуна карап жана башка ички органдар менен адамдын эмоционалдык кубулушуна карап медициналык жабдыктардын жардамысыз ооруну аныктоо.

Мындан тышкары “Булак” ден соолукту чыңдоо борбору адамдын ден соолугунда төмөнкүдөй көйгөйлөр жаралганда жардамга келет:

Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу, артериялык кан басымдын жогорулап кетиши, организмдеги зат алмашуу кубулушунун бузулушу, муун-жүлүн жана нерв системине байланыштуу дегенеративдик дарттарга кабылганда, организмдеги бардык системдер жана органдар нормадан тайганда, башкача айтканда, денедеги бардык патологияда, дарт синдромдору, дарылоонун салттык ыкмалары жардам бербеген өнөкөт ооруларда.

Ошондой эле “Булак” ден соолукту чыңдоо борбору бейтаптарга төмөнкүдөй оорулар үчүн кызматтарды да сунуштайт:

Омуртканын остеохондрозу, радикулит, бронхиалдык астма, шакый, өнөкөт аллергиялык оорулардын бир нече түрү, туура эмес тамактануудан улам келип чыккан оорулардын түрлөрү, жүрөк-кан тамыр оорулары, холецистит, стенокардия, варикоз, тромбоз, жатындын ылдыйлап кетиши жана бүктөлүп калышы, айыз циклинин бузулушу жана аялдардын тукумсуздугу.

Тел.: +996 (773) 559 900, +996 (550) 900024
http://bulakmedical.kg/
Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү-9 (Исанов көчөсүнүн кесилиши).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kilim
2016-12-23 23:37:11
Бир курс леченя болжол менен канча болот екен
+1
admin_portal
2016-12-24 14:10:54
kilim, Толук маалыматты жана адистердин кеңешин макаланын аягындагы номерлерге чалып билсеңиз болот.
0
Mekush87
2016-12-24 09:44:07
Кичине балдардын да аллергиясын аныктап бере алышат бекен?
+1
admin_portal
2016-12-24 14:11:07
Mekush87, Толук маалыматты жана адистердин кеңешин макаланын аягындагы номерлерге чалып билсеңиз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан