Көл кылаасынан жаштар кайрылуу жасашты

Мамлекеттик экотехинспекция жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен “Кумтөрдүн” ортосундагы сот иштери күтүүсүз бурулуштарга кептелди. Фемиданын чечими менен компаниянын эсептери камакка алынып, ишкана каржылаган долбоорлор үзгүлтүктө.

“Кумтөр” жылына Ысык-Көл облусундагы муктаждарга социалдык жардам катары 2 миллион доллардан ашык каражат бөлүп келет”, - деп билдирди Тоң районунун жаш активисти Мирлан Шеркулов. “Кумтөрдүн” жардамы менен Тоң, Жети-Өгүз жана башка райондордо бир катар экологиялык көйгөйлөр чечилип, жаштар спортко тартылып, майыптар колдоого алынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар абдан оор абалда калышты. Мамлекеттин субсидиясы жетпейт.

"Албетте, биз соттун чечимин талашпайбыз, алардын чечимин сыйлайбыз. Бирок сот деле компанияга майыптар жана муктаж болгондорго жардам берүүсүнө мүмкүнчүлүк берсе болмок. Жети-Өгүз районунда эле 3500дөй ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Алардын башкы демөөрчүсү “Кумтөр” эле, бирок 2016-жылы жардамдар токтоп калды", - дейт райондук майыптар коомунун мүчөсү Рысбек Миңбаев.

Жети-Өгүз районунан жаш лидер Урмат Макеевдин айтымында, айылдарда бир канча социалдык иш-чаралар токтоп калган: “Кичи футбол талаасын куруу жана хоккей командасын жабдуу иштери каржыланган жок. “Кумтөр” компаниясы сейил бак, селкинчек, отургучтарды курууга жардам берели деп жатышкан, бирок жардам токтоп калды".

Окуянын эң начар учуру – бөбөктөргө да залалы тийгени, себеби соттун чечими оор абалда калган жашы жетпегендерди колдоо долбоорлорун каржылоого да тыюу салат. Саруу айылындагы ДЦПга чалдыккан балдардын реабилитация борборуна зарыл кымбат жабдыктарды алып берүүнү сурап айылдыктар “Кумтөргө” кайрылышкан. Инвестор суранычты аткарууга жетишпей, эсептери камакка алынып калган.

Облус элинин атынан өкүлдөр Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, премьер-министрге, спикерге жана президенттин аппаратына чейин кайрылуу жасашкан. Ал каттар орто жолдо калып калганбы же чиновниктер көңүл кош мамиле кылышканбы, айтор, жооп жок. “Элдин жардам күтүп жатканына бир жылдай болду. Жардам берилеби же жокпу, аны билбейбиз, анткени кайрылууларыбызга эч кандай жооп ала албай келебиз”, - дейт ысык-көлдүк активист.

“Балыкчы шаарында, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жетим балдар көп. Балдар Жаңы жылда кандайдыр бир сыйкыр күтүп жатышат, бирок ал сыйкыр болбой калды, анткени “Кумтөр” боюнча соттук иштер уланууда. Биз бир канча жолу социалдык чөйрөгө соттук санкциялар каралбасын деп бийликке кайрылып көрдүк, бирок андай болгон жок. Биз Конституциянын гаранты катары президент Алмазбек Атамбаевдин бул көйгөйгө көңүл бурушун суранат элек. Ал өзүнүн маалымат жыйынында сыйкырчы эместигин, баары колунан келе бербестигин айтканын көрдүк. Ошентсе да президент бизди колдоп, кичинекей балдар жана жардамга муктаждар Жаңы жылда жардам алсын дейбиз.

Алмазбек Атамбаев бул абалга көңүлүн бурат деп үмүт кылабыз. Ошондой эле мамлекеттик органдардын качандыр бир күнү жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын ызы-чуусуз, өйдө жактан сурабай эле коргойт деп ишенебиз", - дейт Мирлан Шеркулов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан