Сурамжылоо: ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛСО... (26-декабрь-9-январь, 2016-2017-ж.ж.)

SUPER.KG порталында келерки жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды. Бул ирет тизмеге Турсунбек Акун кошулду. Өткөн аптада Кыргызстан демократиялык кыймылы Турсунбек Акунду президенттикке талапкер кылып чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сурамжылоонун 12-декабрдан 26-декабрга чейинки айлампасында алдынкы бештикте мурункулардан өзгөрүү байкалган жок. Алдыда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Чубак Жалилов, Өмүрбек Текебаев келе жатат. Камчыбек Ташиев менен мурунку премьер-министр Темир Сариевди колдогондор акырындап көбөйүп баратканы көрүнөт. Кийинки президенттик шайлоого талапкер болушу мүмкүн делген бийлик командасынын өкүлдөрү Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов жана Асылбек Жээнбековго SUPER.KG порталынын окурмандары ишеним артышкан жок. 1 пайызга жетпеген добуш алганы үчүн бул үчөө жаңы тизмеге кошулган жок. Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.

Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 9-январда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (189)
ajo81
2017-01-05 17:40:34
25 жылдан бери бычакка сап болчу бир киши жок. Баягы эле тааныш жуздор. Бир депутат, бири министр. Орун алмашуудан сумма озгорбой жатат.
0
tynchtyk90
2017-01-05 19:06:59
бизнес кылып курсак сылап жатбаган.
байлык топтоп козун май басбаган.
алдым-жуттум адаты жок тап такыр
мамлекеттен жарты кирпич албаган.

мээнет менен жетти озу баарына
билим чынчыл,эмгегинин артынан.
мындай инсан табылбастыр азыр кыргызга
мадумаровту шайлабастарга жамантан калам

+2
Nazaralikarakulja
2017-01-05 21:10:52
Мелис Мырзакматов Садыр Жапаров
+1
aktivist0707
2017-01-06 08:29:37
Урматтуу админ Сариев менен Турсунбек акунду неге койдунар
+11
nurik903
2017-01-06 09:27:17
текбай бабанов сариев
-13
Arsenal2
2017-01-07 09:46:18
Э мадумаровду ХХХ ХХХ аны эч ким колдобойт жалпы элдин Кыргызстанстандын атынан суйлобогуло
-13
berdish
2017-01-07 09:59:49
Arsenal2,бөлүнбө тууган.
+4
admin_superstan
2017-01-07 23:42:26
Arsenal2, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
+2
MAN-CITY
2017-01-08 04:48:47
admin_superstan,Добуш берилген кандидаттардын арасында Мадумаров биринчиде турат, ушунун результатын Атамбаев жана анын партиясындагыларга коргозосунорбу?
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-07 09:47:50
Мелис братты алып койдунар
+2
aktivist0707
2017-01-07 15:27:03
урматтуу кыргыз элим мени шайлагыла мен такр саясатка аралашкан эмесмин
-4
shamshiev.80
2017-01-08 14:08:01
aktivist0707,Сени "Банга" шайлабайлыбы?эскертуу сызыгын толуп калды окшойт.Текебаевди шайла!
-3
jonny_82
2017-01-08 00:26:56
Акаев
-4
MAN-CITY
2017-01-08 01:36:34
Бул жерде катуу дискуссия журуп кетиптирго. Бата кылып Кудайдан тиленгиле, ыймандуу президент келсин деп.
+2
souza.j
2017-01-08 06:46:52
Бабанов болот. Эртен акча менен баарыны сатып алып коёт. Акчаны алганда Чубак эстен чыгат. Эч нерсени билбеген болуп бабанды шайлап ,билбейм отуп кетиптир го деп тура бересинер.
-4
gaibilla
2017-01-08 14:17:36
souza.j,баары эле сендей эмес, акчага сатылып.
+2
Manasbek08kg
2017-01-08 18:49:06
Кимиси болсода Кыргызстаныбыз онуксунчу.
0
AibekKyrgyz
2017-01-09 01:16:53
Чубак ажыны кошконуңар үчүн жооп бере албайм. Мен дин менен саясаттын талашымы болгон Кыргызстан үчүн жооп бере албайм!
Бирок Бабанов татыктуу!
-1
ruslan9595ru
2017-01-09 08:23:23
Мадумаров президент, Садыр Жапаров премьер министр. точка
0
Nazaralikarakulja
2017-01-10 02:24:13
Мелис Мырзакматов Садыр Жапаров патриот бердим добуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан