LTE түйүнүнө кошулган көптөгөн абоненттер эч кандай аракетсиз эле түзмөгү 2G же 3G түйүнүнө өтүп кетүү абалына көп кабылып калышат. MegaCom бул макалада жогорку ылдамдыктагы 4G LTE түйүнүндө гана онлайнда болуп, ошол эле учурда байланышта калуу тууралуу кеңештери менен бөлүшмөкчү.
Дайыма 4G түйүнүндө жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуу үчүн жөн гана 2G/3G түйүнүндөгү мобилдик дайындарды өчүрүү керек. *181*0# чакыруу буйруусун териңиз. Эсиңизде болсун, 2G/3G түйүнүндө мобилдик дайындар өчкөндө, 4G түйүнү иштеген аймактан чыксаңыз интернет кызматына жетүү мүмкүндүгү толугу менен чектелиши ыктымал. Интернет кызматы кайрадан аракетте болуш үчүн *181*1# чакыруу буйругун терүүңүз зарыл. *181# чакыруу буйругу аркылуу ар дайым 2G/3G түйүнүндө мобилдик дайындардын активдүү статусун биле аласыз.
4G түйүнү каптоосу жана телефонуңузда LTE түйүнүнө жетүү мүмкүндүгүн активдештирүү тууралуу маалыматты компаниянын 4g.megacom.kg сайтынан жана компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан жана *500 номуру боюнча биле аласыз.
MegaCom`дон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!