2017-жылы Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өтөт, андыктан учурда талапкер болуп чыгам дегендер күчүн, акчасын, колдоочуларын, электоратын санап жаткан кези. Бийликтен ким талапкер болуп чыгышы мүмкүндүгү бул материалда сөз болду. "Анда оппозиция кимди президенттикке көрсөтүшү ыктымал?" деген суроо да жаралбай койбойт.
Оппозициядан талапкер катары чыгат деп аты-жөнү аталып жаткандардын арасынан Super.kg порталында жүргүзүлүп жаткан сурамжылоодо Адахан Мадумаров алдыда келе жатат. Аталган саясатчы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков менен бириккенин жар салып, алардын ичинен бирөө президенттик жарышка чыгарын айтышкан эле. 2011-жылкы президенттик шайлоодо Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев дээрлик бирдей пайыздагы добуш берүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгон. Ал эми Super.kg порталында жүргүзүлүп жаткан сурамжылоодо Адахан Мадумаров алдыда. Бул экөөнө салыштырмалуу Ахматбек Келдибековдун рейтинги кыйла төмөн. Мисалы, Super.kg порталында жүргүзүлүп жаткан сурамжылоонун мурунку айлампасында Келдибековго берилген добуштар 2,7 гана пайызга жеткен.
“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ишенимдүү түрдө алдынкы бештикте келе жатат. Буга чейинки окуялар көрсөткөндөй, ал керектүү жана маанилүү учурда айланасына дос болуп жүргөн, кас болуп жүргөн салмактуу саясатчыларды чогултууга жөндөмдүү. Бирок жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Текебаевдин “Ата Мекен” партиясы өзүн мурдагыдай көрсөтө алган жок. Атүгүл Бишкек өңдүү маанилүү аймактарга шайлоо жарышына катышкан да жок. Муну көпчүлүк эксперттер партия каржы жагынан аксап турат деп түшүндүрүштү.
Президенттикке талапкерлигин коёрун биринчилерден болуп жарыялаган экс-премьер Темир Сариев да оппозициянын атынан талапкер болуп чыгышы ыктымал. Ал өкмөт башчылыктан кеткенден бери бийлик жакка да ооп кетпей, оппозицияга да кошулуп кетпей, орто жээкте өзүнө пайдалуу жана ыңгайлуу учурду күтүп жүрөт. Соңку убакта саясий чөйрөдө жүргөн сөздөргө караганда, Темир Сариев Бакыт Төрөбаев менен биригиши мүмкүн. Ал эми Бакыт Төрөбаев сурамжылоонун алкагында топтогон добушу Темир Сариевдикине караганда азыраак. Бакыт Төрөбаев баштаган Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияда экенин жана анын да президенттикке коюу дымагы бардыгын эске алсак, анда тандем ийгиликтүү ишке ашпай калышы мүмкүн.
Оппозиция бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга бел байласа, саясаттагы тажрыйбасынын молдугуна жана электоратына карап Адахан Мадумаров же Өмүрбек Текебаевди, ийкемдүү боло алгандыгына жараша Темир Сариевди, жогорудагы саясатчыларга салыштырмалуу жаштыгына басым кылып Бакыт Төрөбаевди тандашы ыктымал. Бир гана маселе бар. Оппозиция бийликке каршы бирдиктүү фронтто чыга алабы же дайыма болуп келгендей, амбициясын ооздуктай албай, добуштары чачырап ар кайсы талапкерде калабы?